Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 254
Ош шаарынын гимнин жана желегин бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 436/08-6 Ош шаарынын гимнин жана желегин бекитип берүү жөнүндөгү катынын негизинде сунушталган гимндин текстин жана желектин эскизин карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын гимни жана желеги бекитилсин (тиркелет).
2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук - тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кенешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|