Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 255
Жергиликтүү бюджеттин кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын, Ош шаарынын атуулдарынын жана мекеме-уюмдарынын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап чыгып жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2011-жылдын 27-июлундагы №17, 2011-жылдын 19-августундагы №18 жана 2011-жылдын 30-сентябрындагы №23-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы отурумунун №17-токтомунун негизинде 1017381 сом, 2011-жылдын 19-августундагы отурумунун №18-токтомунун негизинде 5588794 сом, 2011-жылдын 6-сентябрындагы отурумунун №22-токтомунун негизинде 12 960 000 сом жана 2011-жылдын 30-сентябрындагы отурумунун №23-токтомунун негизинде 26714970 сом акча каражаттарын бөлүп берүүгө №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаардык мэриясына, Ош шаарынын «Ак-Тилек» кичи районунун №16-көчөсүн газдаштыруунун сметасынын 70 пайыздык өлчөмү ошол көчөнүн жашоочулары тарабынан жыйналган учурда Ош шаарынын 2011-жылдын бюджетинде, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоого каралган акча каражаттарынын эсебинен бул жумуштардын 30 пайыздык өлчөмүн каржылоосу сунушталсын.
3. Ош шаардык каржы башкармалыгына, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын 2012-жылда курулуучу капиталдык курулуш обьектеринин тизмесине Ош шаар суу канал муниципалдык ишканасынын «Мады» суу тазалоочу жайынын айланасын тосуу үчүн 5348658 сом, №7-суу насосунун суу тазалоочу жайынын айланасын тосуу үчүн 2633655 сом жана №7-суу насостук станциясынын лабораториясын капиталдык оңдоо иштерине 4983806 сом акча каражаттарын киргизүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 27-июнундагы отурумунун №17-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-84,0 миң сом акча каражатын 2011-жылдын 6 айына Ош шаардык маданият башкармалыгынын аппаратында иштеген 6 кызматкердин айлык маянасына ай сайын 2 миң сомдон кошумча иретинде кошуп берүү үчүн;
-350,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы «Ата-Түрк» скверин Ош шаарына кайтарып алуу үчүн;
-18,0 миң сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча 166 кызматынын 5 кызматкерин аталган министрликтин 20 жылдык мааракесине карата акчалай сыйлоого;
-205581 сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына Ош шаарында селсаяк иттердин өлүктөрүн жок кылуу үчүн Беккери оросун куруу үчун;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош облус аралык наркология борборунун имаратынын оңдоо иштери үчүн;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Н. Абдукалыковдун Украина мамлекетинде өтүүчү дзюдо боюнча эл аралык мелдешке барып келүү үчүн;
-289800 сом акча каражатын Ош шаарындагы №41-«Х.Абдуллаев» атындагы мектебинин айланасын тосуу үчүн ПРООН программасынын алкагында берилип жаткан акча каражатына жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам иретинде;
Жалпы суммасы: 1 017 381 сом акча каражаты.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы отурумунун №18-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-85,0 миң сом акча каражатын Кара-Кулжа токой чарбасынан алынган кызыл карагай дарактарынын көчөтүнүн баасын төлөп берүү үчүн ;
-73842 сом акча каражатын Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүнүн №107-уйүн насостук станцияга кошуп, жогорку этаждагы батирлерге суу түтүкчолөрүн тартуу иштерине;
-25352 сом акча каражатын компенсация түрүндө Ош облустук жана Ош шаардык райондор аралык мамлекеттик эмгек инспекциясынын бир штаттык бирдиги кыскартылгандыгына байланыштуу бошотулган кызматкерге төлоп берүү үчүн;
-2,0 млн. сом акча каражатын Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин алдындагы мектептерге керектелүүчү спорт буюмдарын жана шаарда өтүүчү спартакиадага даярдык көрүү максатында;
-2194600 сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын 2011-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн;
-200,0 миң сом акча каражатын №3- аймактык Кеңеши аркылуу Ош шаарынын №43-Бабур атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан суу насосун оңдоо үчүн;
-210,0 миң сом акча каражатын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында «Курманжан-Датка» атындагы көчөнүн башына Арка орнотууга;
-250,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык аскер комиссиариатына, аскерге жөнотүүчү пунктун оңдоо иштери үчүн;
-90,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укуктук коргоо органдарынын Кеңешине компьютер, стол эмеректерин сатып алууга жана полун оңдоого;
-150,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы «Амир-Темур» кичи шаарчасынын аймагында жайгашкан №1,46,47,49,51-мектептеринин спорт аянтчаларын асфальттоо үчүн;
-200,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы аркылуу «Манас-Ата» кичи районунун Касымбеков атындагы кочөсүндөгү №4-үйдүн жер төөлөсүн оңдоо иштери үчүн;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын «Төлөйкөн» кичи районундагы №25-үйдүн №31-батиринин жер тоолосүндөгү жылуулук системаларын оңдоо иштери үчүн;
-60,0 миң сом акча каражатын Ош шаар свет ишканасы аркылуу «Ак-Тилек» кичи районунун №28-көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн.
Жалпы суммасы: 5 588 794 сом акча каражаты.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы отурумунун №22-токтомуна ылайык жергиликт\\ бюджеттин эсебинен бъл\н\\ч\ кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-4330,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында «Барсбек» монументинин курулуш иштерин бүтүрүүгө;
-2500,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык парктар башкармалыгына ссуда катары Кытай мамлекетинен алынып келинүүчү заманбап жаёы атракциондорду орнотууүчүн;
-300,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык аймактар аралык ооруканасына Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы аркылуу, аталган оорукананын хирургия бөлүмүн кышка даярдоо үчүн.
-200,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердеги жана бала-бакчалардагы мугалимдердин, тарбиячылардын ден-соолугун чыңдоо жана эс алдыруу үчүн;
-5,0 млн. сом акча каражатын Ош шаарындагы «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын 2011-2012-жылдардагы кыш мезгилинде шаардын билим берүү мекемелерине отун-энергия каражаттарын алдын ала сатып алуу үчүн;
-500,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун Ош коогалаңы боюнча жазган китебин орус тилине которууга;
-130,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык мэриясынын алдындагы автогараждар ишканасынын автожуугуч жайын шаардык канализацияга кошу иштерине бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Жалпы суммасы: 12 960 000 сом акча каражаты.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 30-сентябрындагы отурумунун №23-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-24408900 сом акча каражатын Ош шаарындагы «Манас» монументалдык комплексинин курулушун толугу менен бүткөрүү үчүн;
-1500,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында спорт тармагын өнүктүрүү максатында жана Ош шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын VI спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө каржы жагынан колдоо максатында;
-70600 сом акча каражаты Ош шаардык мэриясынын аппаратындагы компьютер техникаларын көзөмөлдөөчү бир системалык администратор штаттык бирдикти 2011-жылдын 4 айына каржылоо үчүн;
-369640 сом акча каражатын Ош шаарындагы «Ак-Каркыра» балдар бакчасынын жанындагы конкурс жолу менен 15 жылдык мөөнөт менен берилген 200 чарчы метр жер тилкелерин курулуш иштерине максатту пайдаланбай калгандыгына байланыштуу жер тилкесине төлөгөн акча каражатын Ош шаарынын тургундары Р.Кенжебаевге жана С.Зикиреевге кайтарып берүү үчүн;
-350,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын «Юбилейная» көчөсүнүн 300 метр аралыктагы суу түтүкчөлөрүн жаңылоо иштери үчүн;
-15830 сом акча каражатын депутаттардын Ош шаардык Кеёешинин курьердик кызматын аткаруучу кызматкердин 2011-жылдын IV кварталына төлөнүүчү эмгек акысы үчүн.
Жалпы суммасы: 26 714 970 сом акча каражаты.
Баардыгы: 46 281 145 сом акча каражаты
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |