Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 256
Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын 2011-жылдын тогуз ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуу
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын иш-планына ылайык Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын 2011-жылдын тогуз ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 19-августундагы отурумунун №-21-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын 2011-жылдын тогуз ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына (Ж.Турганбаев):
-2011-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылбай калган салык түрлөр жана жыйымдардын: киреше салыгы, милдеттүү патентөө негизиндеги салык, транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык, автоуналар токтоочу жайлардан алынуучу жана таштандыларды ташып чыгууга жыйымдардын аткарылуусун камсыздоосу;
- жылдан жылга өтүп, өз мөөнөтүндө төлөнбөй келе жаткан карыздарды өндүрүү;
-салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү менен салык базасын тактоо жана кеңейтүү;
-каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүлөр жана чарбалык субьекттерди каттоодон өткөрүү боюнча иш-чараны камсыздоо;
- жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын 2011-жылга кабыл алынган бюджетин так аткаруу боюнча салык жана жыйымдардын бардык түрлөрүнүн толугу менен аткарылуусун камсыздоо жана салык кызматкерлеринин бул боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилигин күчөтүү ошондой эле аталган токтомдун аткарылуусу боюнча маалыматты 2011-жылдын жыйынтыгынын негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө берүүсү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык префенциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү №77-Декретинин негизинде бошотулган же мөөнөтү узартылган салык түрлөрүнүн жеке ишкерлер тарабынан 2010-2011-жылдары төлөнгөн суммасы эгерде жеке ишкерлер жергиликтүү бюджеттен кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган учурда, кайтарып берүү жагы мыйзам чегинде Ош шаардык мэриясына жана Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |