Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 257
Балдарды коргоо жана колдоо, спорт тармагын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаарынын вице мэри Д.Ходжаевдин жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Токтомаматовдун балдарды коргоо жана колдоо, спорт тармагын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардынын вице мэринин жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Токтомаматовдун балдарды коргоо жана колдоо, спорт тармагын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов):
- жардамга муктаж болгон балдарды коргоо жана колдоо, спорт тармагын өнүктүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга жана жетекчилерге болгон талапты күчөтүү;
- №12-Терешкова атындагы мектеп-интернатын кеңейтүү жана кир жуучу жай маселесин, №12-көмөкчү мектепте жашаган балдардын турмуш-тиричилигине керектүү буюмдарына болгон муктаждыктарын чечип берүү;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте шаардагы балдар үйүн зарыл болгон медициналык аппаратуралар жана автоунаа менен камсыздоо;
- «Лотос» жана «Алтын уя» үй-бүлөөлүк балдар үйүндө тарбияланып жаткан мектепке чейинки жаштагы балдардын, шаардын балдар бакчаларында акысыз тарбиялануусун, балдардын акысыз медициналык кароодон өтүүсүн, балдарды такай медициналык жактан тейлеп туруу үчүн эки үй-бүлөөлүк балдар үйүнө бир дарыгер менен медициналык айымдын туруктуу бекитилүүсүн камсыз кылуу;
- «Боорукердик» үй-интернатында жашап жаткан балдардын жана карыялардын, №11-Терешкова атындагы мектептин, №12-жардамчы мектептин окуучуларынын, балдар үйүнүн, «Лотос» жана «Алтын уя» үй бүлөөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын тамак-аш ченемдерин ар бир адамга күнүнө 85 сомдон кем эмес өлчөмдө эсептеп чыгып, керек болгон акча каражатын депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү;
- 2012-жылга балдардын жайкы дем алуусун уюштуруу үчүн «Жаштык» лагеринен качкындарды чыгарууну камсыз кылуу;
- Сүйүнбаев атындагы стадиондун чуркоо жолунун асфальтын резинага алмаштыруу, муниципалдык спорткомплексин куруу, жеке менчик спорт клубдарын, секцияларын ачууга, иштетүүгө лицензия берүү укугун шаардык дене-тарбия жана спорт комитетине ыйгаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу, ар бир аймактык Кеңештин штатына бирден спорт инструктору бирдигин киргизүү жана шаардагы бассейндерди талапка жооп бере турган деңгээлге жеткирүү боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин.
3. Шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова):
- мектеп окуучуларынын жана балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын бекитилген график боюнча өз убагында медициналык кароодон өтүүсүн;
- мектептерде, интернаттарда, балдар бакчаларында даярдалган тамак-аштын сапаттуу даярдалуусун;
- үйлөрүндө билим алып жаткан майып балдарга, «Боорукердик» үй-интернатынын балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү камсыздоо милдеттендирилсин.
4.үй-бүлөөлүк медицина борборлоруна (А.Нуралиев, В.Акимова):
- мектеп окуучуларын, балдар бакчаларынын жана үй-бүлөөлүк балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын өз убагында медициналык кароодон өткөрүү, диспансердик каттоодо турган балдарды сапаттуу дарылоо милдеттендирилсин.
5.Шаардык социалдык коргоо башкармалыгына (А.Сулуев) материалдык жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүдө жардамга муктаж болгон балдарды эске алуу, багуучусунан ажыраган, майып балдарга жөлөк пулдарды жана пенсияларды убагында төлөөнү камсыз кылуу милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышы боюнча ар бир кварталдын жыйынтыгы менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешине маалымат берилип турсун.
7.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өшүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Токтомаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |