Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 258
Ош шаарынын жылуулук-энергетика комплекс ишканаларынын 2011-2012-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыгын кароо
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жыл үчүн түзүлгън иш-планына ылайык Ош шаарынын жылуулук-энергетика комплекс ишканаларынын 2011-2012-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыгы жънүндъгү маселени карап жана талкулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлъгън депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-2012-жылдардын кыш мезгилине карата Ош шаарынын жылуулук-энергетика комплексинин ишканаларынын (Ош ЖЭБ, Жылуулук камсыздоо ишканасы, Газ чарба башкармалыгы, Ош РЭТ, Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы жана шаардык билим берүү башкармалыгы) жүргүзгън иштери жънүндъгү Ош шаарынын вице-мэри Р.Мырзаматовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ош шаарында 2011-2012-жылдын кыш мезгилин ийгиликтүү ъткърүү үчүн:
-Оштогу жылуулук-электр борборуна (А.Аттокуров) 2011-2012-жылдарда кыш мезгилин тиешелүү деңгээлде ъткърүү боюнча жылуулук тармактарынын түтүктърүн даярдоо жана оңдоо иштерин аткаруу, ошондой эле жылуулука болгон дебитордук карыздарды азайтуу;
-Жылуулук камсыздоо ишканасына (К.Алишеров) отканаларды, жылуулук ъткъргүч түтүкчълърдү капиталдык жана кезектеги оңдоо иштерин толук кълъмдъ жүргүзүүсү, ишкананын дебитордук карыздарын азайтуу боюнча жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруусу;
-Ош райондук тармактар ишканасына (Б.Токторбаев) 2011-2012-жылдарда кыш мезгилин ийгиликтүү ъткърүү боюнча трансформатордук подстанцияларды жетиштүү деңгээлде май менен камсыздоо, аба зымдары ъткън жерлерде ъскън дарактардын бутактарын кестирүү,
-Шаардык газ чарба башкармалыгына (Т.Максутов) жаратылыш газын пайдалануучуларга жеткирүүдъ анын жоготуу кълъмүн кыскартуу, газ түтүкчълърүн капиталдык жана кезектеги оңдоо иштерин планга ылайык камсыз кылуу жана дебитордук карыздарды жоюу боюнча тиешелүү чараларды кърүү;
-Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасына (Д. Кокочоров) күз-кыш мезгилинде шаардын тургундарын жана шаардагы жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин буу казандарын суу менен камсыздоо иштерин жакшыртуу, жылытуу мезгилине чейин суу түтүкчълърүн оңдоо иштерин алып баруусу;
-Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова) мектептердин жана бала бакчалардын ички жылытуучу системаларын тиешелүү деңгээлде даярдоо, жетиштүү ълчъмдъ къмүр менен камсыздоо;
-Оштогу муниципалдык турак-жай мекемесине (К.Жолдошев) къп кабаттуу үйлърдүн жылуулук системаларын оңдоо боюнча келишимдерди түзүү жана аймактык Кеңештердин, кварталдык комитеттердин търагалары менен биргеликте къп кабаттуу жана турак–жай үйлърүн кышка даярдоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруулары милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын 2011-2012-жылдардагы кыш мезгилин ийгиликтүү ъткърүү боюнча Ош шаарындагы жылуулук-энергетика комплекс ишканаларынын иш чараларынын так аткарылуусун къзъмълдъъ жана Ош шаарынын 2012-жылдагы бюджетине Ош шаарынын жаңы конуштарына трансформатор коюуу үчүн акча каражаттарын киргизүү жагы Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Аталган токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ шаардык Кеңештин ънър-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекси жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктълсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |