Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 259
Ош шаарынын мэриясына «EXICOM GmbH» эл аралык компаниясынан заем түрүндө 500,0 млн. евро өлчөмүндө карыз алууга макулдук берүү жөнүдө
Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 3-августундагы №344/08-6- Ош шаарынын мэриясына «EXICOM GmbH» эл аралык компаниясынан заем түрүндө 500,0 млн. евро карыз акча алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 19-августундагы №19-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясына «EXICOM GmbH» эл аралык компаниясынан заем түрүндө 500,0 млн. евро карыз акча алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаардык мэриясынын заем түрүндөгү 500,0 млн. евро карыз акча алуу боюнча «EXICOM GmbH» эл аралык компаниясы менен түзүлүүчү келишимдин шарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык изилдеп, контракт түзүүдө Ош шаарынын кызыкчылыгын эске алуу жагы Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) милдеттендирилсин.
3.Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |