Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 260
Ош шаарына караштуу «Катта-Сай» конушуна жеке турак-жай курууга даярдалган башкы планды бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 23-сентябрдагы №418-08-6 катын карап жана талкуулап, ошондой эле архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 30-сентябрындагы №12-токтомунун негизинде, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарына караштуу «Катта-Сай» конушуна жеке турак-жай курууга даярдалган башкы пландын бекитилишине макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) тиешелүү кызматтар тарабынан «Катта-Сай» конушунун башкы планынын аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |