Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 261
Ош шаарында жаңы «Автобекетти» куруу жана шаардагы тыгылыш болгон көчөлөрдү иретке келтирүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 4- мартындагы кезектеги XXVI сессиясынын № 220-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында жаңы «Автобекетти» куруу жана шаардагы тыгылыш болгон көчөлөрдү иретке келтирүү жөнүндөгү Ош шаарынын вице-мэри Р.Мырзаматовдун маалыматы эске алынсын;
2. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов)
- Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы XXVI сессиясынын кезектеги № 220-токтомунун 2-пунктунун аткарылышы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө маалымат берүү;
- Шаардын жолдук каттамын жеңилдетүү максатында Монуев көчөсүн, Масалиев проспектисин Набережная көчөсүнө туташтыруу;
- Озгур айылы менен Амир-Темур кичи районун бириктирүүчү көчөнүн курулушун аягына чыгаруу;
- Жаңы курулган Набережная көчөсүн Навои көчөсүнөн аэропортко кетүүчү айлампага чейин жеткирүү боюнча изилдөө иштерин жана Жапалак айылындагы Кеңеш айылына чейинки кетүүчү 9 км аралыгыдагы борбордук көчөнү оңдоо иш чараларын 2012-жылдын жолдорду оңдоп түзөө иш планына киргизүү;
- Убагында ишке кирбей калган Түштүк-Чыгыш жана «Туран» кичи шаарчасын бириктирүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын(А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук - тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |