Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну №234
Ош шаарындагы мамлекеттик жана менчик мектептердеги окуу-тарбиялык иштердин абалы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүгүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Токтомаматовдун жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Балтабаевдин Ош шаарындагы мамлекеттик жана менчик мектептердеги окуу-тарбиялык иштердин абалы жөнүндөгу маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүгүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Токтомаматовдун жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Балтабаевдин Ош шаарындагы мамлекеттик жана менчик мектептердеги окуу-тарбиялык иштердин абалы жөнүндөгу маалыматтары эске алынсын.
2. Шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Балтабаев)-мектептердин окуу-тарбия иштерин күчөтүү жана орун алган кемчиликтерди жоюу;
-мектептерди педагогикалык адистер менен толуктоо боюнча такай максатуу багытталган иш алып баруу;
-шаардагы мамлекеттик жана менчик мектептерде, балдар бакчаларында тамак аштын сапатына, ошондой эле тамак даярдоодо чийки заттардын нормага ылайык толук салынышына көзөмөлдү күчөтүү;
-окуучулардын билим сапатын көтөрүү боюнча чараларды көрүү;
-билим берүү министрлиги менен биргеликте мектептерди окуу китептери менен жана жаңы муундагы компьютерлер менен камсыздоо;
-№8-Горький атындагы мектептин сатылып кеткен жерлерин кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү;
-мектептерде жана балдар бакчаларында эмгек тартибинин сакталуусун камсыз кылуу;
-балдардын жайкы дем алуусун ез убагында жана жогорку деңгээлде уюштуруу;
-бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу менен мектёптердйн сапаттуу ремонтун камсыз кылуу:
-мектеп жашындагы балдарды мектепке толук тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
З. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) билим берүү башкармалыгынын жана мектептердин окуу-тарбия иштерди күчөтүү боюнча аткарып жаткан жумуштарын такай кеземелге алуу;
-шаардык мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
-шаардык билим берүү башкармалыгына, шаардык ички иштер башкармалыгына окуучулар арасында тартипти чындоо жана мектеп рэкетине каршы күрөшүү боюнча талапты күчөтүү;
-№50-Нышанов атындагы мектепке жыйындар залын, «Олимп» мектебине спорт зал куруу, №12-Крупская атындагы көмөкчү мектепте жатып окуган балдардын санын көбөейтүү боюнча маселелерди карап чыгуу;
-шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте мектептерди карап чыгып, алардын ичинен жараксыз деп эсептелген 2-3 мектептин ордуна жаңы мектептерди куруу боюнча Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүгүү боюнча мамлекеттик дирекцияга сунуш киргизүү;
-мектептерди окуу китептери жана компьютерлер менен камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине кайрышуу;
-мектептердин жаңы окуу жылга даярдыгына кеземел жүргүзүү;
-дуйнөлүк олимпиадаларга катышкан шаардын мектеп окуучуларынын олимпиадага барган чыгымдарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен телеп берүү;
-өзбек жана орус тилдүү мектептерде, окутууну этап-этабы менен мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча маселени карап чыгьш, аны тийиштүү жогорку бийлик органдарына сунуштоо учун шаардык кеңештин сессиясьшьш кароосуна киргизүү тапшырылсын.
4. «Сема» кыргыз-турк лицейинин (Сыддык Кая) окуу-тарбия иштериндеги маалыматта көрсөтүлгөн кемчиликтери белгиленсин жана лицейдин жетекчилигине аларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирил син.
5. Шаардык ички иштер башкармалыгына (М.Орозбаев) мектеп рэкетине каршы туруктуу иш-чараларды жүргүзүү жана бул багытта өспүрүмдөр менен иш алып баруу кызматынын ишин күчөтүү милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча маалымат берилип турсун.
7. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басыльш чыксын (Б.Матисаков).
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүгүү жана жаштар иштери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Токтомаматов) жүктөлсүн
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков
|