Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну №236
Ош шаарына инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга бекителген иш планын ылайык шаардык Кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Иминовдун жана Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланышты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин башчысы А.Низамиевдин Ош шаарына инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, инвестицияларды тартуу жана шаардын инвестициялык климатын жакшыртуу максатында, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү ез алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Иминовдун жана Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланышты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин башчысы А.Низамиевдин Ош шаарына инвестицияларды тартуу-боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндөгу маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, инвесторлордун экономикалык иш-аракетине, укуктарына жана мыйзамдуу таанылган таламдарына кийлигишүүгө тыюу салуу жана шаарга келген потенциалдуу инвесторлор менен иш алып барууда алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иш алып баруу;
-эл аралык байланышты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин кызматкерлеринин айлык акыларын кетерүү боюнча маселени карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизүү;
-инвесторлорго жеңилдиктерди берүү боюнча атайын программа иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын екметүнө сунуштоо учун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылсын.
Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланышты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетине (А.Низамиев) шаардагы ишкана-уюмдарга, жеке ишкерлерге, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык инвестициялык саясатты жүргүзүү, бизнес-долбоорлорду туура даярдоо боюнча усулдук кеңеш берүү жана шаардын аймагында иш жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков |