Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну №237
Диний экстремизмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаарынын прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук кызматынын Ош шаары жана Ош области боюнча башкармалыгынын диний экстремизмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтарын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №1/945 2011-жылдын 13-майдагы катын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 11-майдын отурумунун №2-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып суйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Диний экстремизмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгу Ош шаарынын прокуратурасынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук кызматынын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын маалыматтары эске алынсын.
2. Диний экстремизмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы көрүлүп жаткан чараларды катуу кеземелге алуу жагы Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (М.Орозбаев), Ош шаарынын прокуратурасына (Л.Жумабаев), УКМКнын Ош шаардык бөлүмүнө (Асанбаев Т.Р) милдеттендирилсин.
3 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXVI сессиясындагы кабыл алынган №222, 4-март 2011-жылдагы токтомунун 2-пункуту жокко чыгарылсын.
4.0ш шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов)
-диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү максатында Ош шаарынын аймагындагы мечиттердин имамдарынан, аймактык Кеңештердин, кварталдык комитеттердин төрөгаларынан калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылуу;
-шаар аймагындагы диний агымдардын өкүлдөрүнүн чакырыктарына, үгүтөөлөрүнө, улут аралык келишпестиктердин күчөөсүнө, мыйзамга каршы терс иш аракеттерине бегет коюу максатында мечиттердин имамдары, аймактык кеңештердин, кварталдык комитеттердин төрагалары эл жыйналган жерлердеги үгүт иштеринен кабардар болушун талап кылуу.
-Диний агымдардын «Хизбут-Тахрир», «Вахаблзм», «Акрамия» жана башка уюмдарга Ош шаарындагы жаштар кирип кетпөө максатында, иш чаралар түзүлүп, жаштарга тегерек столдорду жана окууларды өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
5 Ош шаарында 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн башаламандыкта өзгөчө айырмаланып кызмат кылган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын кызматкерлерин депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жана Ош шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйлоого сунуштоо жагы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына (М. Орозбаев) милдеттендирилсин.
6. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы » гезитине (Б.Матисаков) жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук- тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|