Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 88 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 238
Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 14-апрелиндеги №171/08-6 Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы №12-С буйругунун жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 10-майындагы №3-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 0ш шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскуранты турак жай менчик ээлерине 1 чарчы метр аянтка бир ай үчүн-1,20 сомдон бекитилсин (тиркеме №1).
2. Калктын калын катмарына жеткирүү максатында бул токтом шаардык «Ош шамы» гезйтйне жарыялансын (Б. Матисаков) жана мыйзам чегинде каттоого алуу жагы депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин башкы адис-юристине тапшырылсын (А. Алимбекова).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмелдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселерине боюнча туруктуу депутптттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Техникалык жактан тейлөөнүн байланыш (коммуникация)
Баалардын прейскуранты
№ | Күндөлүк оңдоолорду | Жалпы аянттын кв.метринин тарифи |
| көрсөтүү түрлөрү |
|
1. | а) суу түтүктөр түйүнү | 0,3 |
| б) агындылоо түйүнү | 0,3 |
| в) жылуулук түйүнү | 0,3 |
| г) электр түйүнү | 0,03 |
| Жалпысы: | 0,93 |
2. | а)турак үй кирмеси (подъезд) | 0,1 |
| б)турак үй маңдайы (фасад) | 0,07 |
1 | в)турак үй чатыры | 0 |
| Жалпысы: | 0,17 |
| Турак үйлөргө караштуу аймакты | 0,1 |
| тазалоо |
|
| Бардыгы | 1,20 |
Эскертүү:
-Үй комитеттери менен биргеликте тургундар тарабынан топтолгон каражаттын эсебинен МЖКУ турак үйлөрдүн чатырларына кирме жайларына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө мумкунчулук алат.
-Коммуналдык ыңгайлуулугу жок (суу түтүктөрү, агындылоосу) үйлөрдүн кирме жайларын (подъезд) фасаддары сырттагы ажатканалардын күндөлүк оңдоо иштери жана ошол үйгө тиешелүү аймакты тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн 1,20 сом өлчөмүндө тариф киргизилсин
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков
|