Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу №240
Ош шаардык муниципалдык менчик жана Ош шаардык мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыктарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчеттору
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылга бекитилген иш-планына ылайык Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Кадыровдун жана Ош шаардык мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы Г.Анапияевдин отчетторун угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мулк, жер,айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын өтүрүмүнүн 2011-жылдын 8-июнун №8-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн .депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Кадыровдун жана Ош шаардык Мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы Г.Анапияевдин отчеттору канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясына (Ж.Сатыбалдиев)
-эки бөлмөлүү убактылуу турак үйлөрдү жана пландаштырылып жаткан 72 чарчы метрге чоңойтулуп салына турган турак үйлөрдүн кайрадан курулушун Ош шаарынын генпланынын жана пландаштыруунун деталдык долбоорунун негизинде куруусу, ошондой эле курулуп жаткан турак жайларга тиешелүү болгон уруксат иш кагаздарын мыйзам чегинде жана курулуш эреже нормаларына ылайык тартипке келтирүүнү жыйынтыктоо;
-курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн (подвал) максаттуу пайдаланышы үчүн ички шыбак жана актап-сырдоо иштерин бүткөрүү менен тапшырылышы;
-пайдаланууга жарамдуулугу жана курулуштун сейсмикасы боюнча Кыргыз илим изилдөө долбоорло институнун жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан берилген корутундунун негизинде жараксыз жана жашоого болбойт деп табылган шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү (Курманжан-Датка №264, Ленин №351, Р.Абдыкадыров №207,Черемушка к.р ХХ-партсьезд №128 жана Арек айылындагы "Ж.Атабаев" мектеби) бузуп ордуна жаңы имараттарды курууну, ошондой эле бузула турган үйлөрдүн жашоочуларын башка жакка жайгаштыруу маселесин кароо;
-Ош шаарындагы июну айында болгон коогаландын кесепетинен улам "Жаштык" лагеринде жашап жаткан жабыркоочулардын үй-жай маселесин чечип берүү жактары сунушталсын.
З. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров):-мамлекеттик каттоодон өтпөгөн обьекттерге мамлекеттик акт китепчесин алып берүүнү жыйынтыктоо;
-башкармалыктын жергиликтүү бюджетке түшпөй жаткан карыз акча каражаттарын толугу менен тез аранын ичинде өндүрүү;
-кызматкерлер тарабынан кызматтык этиканын сакталышын талап кылуу милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык Мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгына (Г.Анапияев):
-шаардагы курулуп жаткан турак жайлардын сапаттуу курулушун камсыз кышуу үчүн куруучулардан курулуш нормаларынын жана эрежелеринин так аткарылышын талап кылуу милдеттендирилсин.
-Архитектура шаар куруу ишмердигинде Кыргыз Республикасьшын аракеттеги мыйзамдарынын талаптары жетекчиликке алынсын.
5. Ош шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына (Н.Баетов) Ош шаарынын даярдалып жаткан генпланын жана пландаштыруунун деталдык долбоорун тездетип бүтүрүү иштери, ошондой эле ушул күнгө чейин коюлган меенеттен кечиктирилгендиги жана бүтүнкү күнгө чейин аткарырлбай жаткандыгы үчүн КНИИП градостроительства институтунун тиешелүү адистерине чара колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигине кайрылуу жагы милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
7. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айып чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) тапшырылсын.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |