Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу №241
Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында Фермерлер Кошуунун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 11-мартындагы №89-08-6 айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана башка айыл чарба багытындагы маалыматтарды дыйкандарга түз жеткизүу максатында Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында Фермер дик Кошуун түзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мулк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 12-апрелиндеги №7-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында Фермерлер Кошуунун түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында түзүлгөн Фермерлер Кошуунунун Уставын бекитүүнү жана аталган бирикменин Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өтүү жагын көзөмөлдөө тапшырьшсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мулк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|