Редакцияот 27.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 27- январы № 263

Д.К.Алимбеков жөнүндө

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы, № 4-шайлоо округунан депутат Алимбеков Давлетбек Каарыевич башка мамлекеттик кызматка дайындалганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктуна, 31-беренесинин 7-пунктуна, 37-беренесинин 5-пунктуна ьшайык, ошондой эле Ош шаардык мэриясынын 2012-жылынын 26-январындагы №25-08-6- катын эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алимбеков Давлетбек Каарыевич депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы кызмат ордунан бошотулсун жана анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулсун.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттодон өткөрүлсүн жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).

3. Бул токтомдун аткарьшышыг көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, регламент жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

кеңеши төрагасы

 

С.Аматова