Загрузка документа…
КЕМИН РАЙОНДУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-октябры №72/XIV-25
Кемин райондук Кеңешинин регламентине өзөгөртүүлөрүн киргизүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 14 берсинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 25 беренисинин, 28 беренесинин 2 пунктуна, 31 беренесинин 5 пунктуна жана 36 беренесине ылайык Кемин райондук Кеңеши токтом кылат:
1. Кемин райондук Кеңеши ылайык жүргүз 15 октябрда 2008 жылы
(№ 1/1 -25) токтому менен бекитилген Кемин райондук Кеңешинин регламентине өзөгөртүүлөр киргизилсин:
1.бөлүгүнүн 1 главасына 1.4. пунктуна мындайча өзөгөртүүсү киргизилсин: „ 1.4. райондук Кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан кем эмес катышса укук ченемдүү болот. Сессиялар ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлүшү керек же болбосо депутаттардын жалпы санынан үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес депутаттар сунуштаса чакырылат.
2.1. 2.1. Райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 5 пунктуна ылайык райондук кеңеш төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат:
1) районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясынын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана – чөйрөнү калыбына келтирүүнүн, коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу;
2) райондук бюджетти бекитүү жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4) тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы – акимдин кызматына дайындалуучу талапкерлик тууралуу Мыйзамда белгиленген тартипте сунуш киргизүү;
6) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына ишеним көрсөтпөө ;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда, депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, Кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10) райондук Кеңештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук Кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү турак - жай фонддун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү маселелерди макулдашуу;
15) райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракет бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлук чарбакер субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитүү;
18)судьялардын, прокурорлордун, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин контролдоону ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурларда, жогорууда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин, кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
3 бөлүгүнүн 9 главасына:
9.1. Райондук кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
9.2. Райондук кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же райондук кеңеш түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда, өзү, анын жубайы, ата – энеси, балдары, бир туугандары жана эже – сиңди, карындаштары үчүн материалдык пайда көздөгөн маселени кароого, катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
9.3. Райондук кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабыл алынат жана ага райондук кеңештин төрагасы кол коет.
9.4. Депутаттын билдирүүсү жана анын жазуу же оозэки түрүндө билдирилген макулдугу, токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5. Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
“9.6. Райондук кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирет”.
15 – глава
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –акимдин кызматына дайындалуучу талапкерлик тууралуу райондук кеңештин депутаттарынын чечим кабыл алуусунун сунуш-көрсөтмөсү
I.Жалпы жобо
15.1. Райондун мамлекеттик администрация башчысы-аким (мындан ары аким) кызматына талапкерлер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары Премьер-министр) тарабынан тиешелүү райондук кеңешке киргизилет.
15.2. Райондук кеңеш Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш талапкерди аныктай албаса же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук кеңешке башка талапкерлерди (үчтөн кем эмес) берет.
15.4. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5. Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.
II.Акимдин кызматына талапкерди көрсөтүү
15.6. Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук кеңешке көрсөтүлөт.
15.7. Ар бир акимдин кызматына талапкерлери боюнча тиешелүү райондук кеңешке төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- биографиялык маалымат (фамилиясы аты жөнү, төрөлгөн жери, жылы айы, улуту, орто билим алган жери, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партияга тиешелүүлүгү);
- паспорттун көчрүмөсү, сүрөт;
- билими тууралуу мааалымат (жогорку, атайын), билими тууралуу документтин көчрүмөсү, илимий даражасы тууралуу жана илимий наамы;
- эмгектик ишмердиги тууралуу маалымат, эмгек китепчесинин көчрүмөсү, мамлекеттик же ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган документтин көчрүмөсү.
15.8. Ар бир акимдин кызматына талапкер боюнча кыскача анкеталык маалыматы, профессионалдык жана иштиктүү сапаттары боюнча мүнөздөмө, талапкерди көрсөткөн жагдайлар менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий каты менен жол-жоболоштурулат.
III.Райондук аким кызматынын талапкерине добуш беруу процессин уюштурулуусун камсыздоо
15.9.Премьер-министр тарабынан сунушталган акимдик кызматка дайындалуучу талапкерди райондук кеңеш карап чыгуусун уюштуруу үчүн, райондук кеңеш тарабынан курамы 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
15.10.Эсептөө комиссиясы добуш берүү бюллетендерин иштеп чыгып, анын сактоосун камсыз кылат, отурумдун протоколдорун алып баруусун уюштурат жана ушул тартипте көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктарга ээ. Эсептөө комиссиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администарциясына жүктөлөт.
15.11.Бюллетенге Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматына коюлуучу талапкер гана киргизилет.
15.12.Райондук акимдин кызматына коюлган талапкерлерге добуш берүү райондук кеңеш тарабынан аныкталган, атайын бөлүнгөн бөлмөдө ишке ашырылат.
15.13.Депутаттардын катышуусуна , добуш берүүнүн уюштурулуусуна, бөлмөнүн жабдылуусуна жана тийиштүү тартиптин сакталуусуна райондук кеңештин төрагасы жооптуу.
15.14. Добуш беруу процедурасын камсыздоо жоопкерчилиги эсептөө комиссиясына берилет. Эсептөө комиссисы:
- добуш берүүнүн алдында райондук кеңештин депутаттарын каттодон өткөрөт;
- жашыруун добуш берүү үчүн райондук кеңештин депутаттарына кол коюунун негизинде бюллетендерди берет;
- райондук кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер менен кабиналарга өтүүсүн көзөмөлдөйт жана добуш берүүнүн жашыруун болуусун камсыздайт.
IV.Райондук аким кызматынын талапкерине добуш берүүнүн ирээти жана жыйынтыктарын чыгаруу
15.15. Добуш берүүдөн мурда бюллетендер урнасы райондук кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбаланат жана ага мөөр басылат.
15.16. Ар бир депутат жеке добуш берет. Башкалардын ордуна добуш берүүгө жол берилбейт.
15.17.Бюллетень добуш берип жаткан депутат тарабынан кабинада же жашыруун добуш берүү үчүн бөлүнгөн бөлмөдө толтурулат. Депутат добуш берүү бюлетенин толтуруп жаткан учурда анын жанына башка адамдардын келүүсүнө тыюу салынат.
15.18. Депутат жашыруун добуш берүү бюллетенинде өзү добуш берип жаткан бир гана талапкердин фамилиясынын тушуна «МАКУЛ» деп белги кое алат, же болбосо «БААРДЫК ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КАРШЫ» деген сапка коет.
15.19. Формасы аныкталбаган бюллетендер жана ошондой эле «МАКУЛ» деген белги эки же андан ашык талапкерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелет.
15.20. Райондук аким кызматынын талапкерине райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берген болсо, анын талапкерлиги жарамдуу деп эсептелет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясынын эки нускадагы протоколу түзүлөт жана аларга эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрунүн колдору коюлат.
Райондук кеңештин чечими камтылган протоколдун биринчи нускасы Премьер-министрге жиберилет, экинчи нускасы райондук кеңештин жооптуу катчысында сакталат, үчүнчү нускасы бирдиктүү маалымат базасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агентикке жиберилет.
15.21.Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде райондук кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептөө комиссиясынын протоколун бекитет.
15.22. Талапкерликке макулдук берүү тууралуу кеңештин сессиясынын чечими райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимди дайындоо сунушу менен Премьер-министрге жиберилет.
15.23. Эгерде добуш беруунун жыйынтыктары боюнча эч бир дагы талапкер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса, добуш берүүнүн экинчи туру өкөрүлөт. Экинчи тур биринчи тур өткөрүлгөн күнү өткөрүлөт.
15.24.Биринчи турда эң көп сандагы добушка ээ болгон талапкер, добуш берүүнүн экинчи турундагы бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн ирээти жыйынтыктарды чыгаруу ушул тартипте, белгиленген тартипте өткөрүлөт.
15.25.Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыктары боюнча эч бир талапкер райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса, Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматынын талапкерликтери четке чыгарылат; бул тууралуу райондук кеңештин төрагасы 24 сааттын ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге кабар берет.
Мындай учурда Премьер-министр тартипке негизделген ирээтте башка талапкерди сунуштайт.
2. Кемин райондук Кеңешинин жооптуу катчысы А.Баковго Кемин райондук Кеңешинин өзөгөртүлгөн регламентин мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилеттик министирлигине жеткирилсин.
3.Токтомдун аткарылуусу райондук Кеңештин төрагасы Э.Джумагазиевге жүктөлөт.
Кемин райондук кеңештин төрагасы |
Э.Джумагазиев |