Загрузка документа…
ПАНФИЛОВ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25 августу №68/ХХ-2
Панфилов райондук Кеңешинин Регламентине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын негизинде "Панфилов райондук Кеңешинин Регламентине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндөгү"маалыматты угуп жана талкуулап, Панфилов райондук Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Панфилов райондук Кеңешинин Регламентине 2008-жылдын 15-октябрындагы №1 бекитилген токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР Мыйзамынын 31-статьясына ылайык Панфилов райондук Кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
.2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле ар турдуу фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3)талап кылынбаган жана пайдаланбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4)тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5)жергиликтүү администрациянын башчысы- акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6)райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7)мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8)мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9)кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10)райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11)райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12)өкмөт тарабынан аныкталган типтуу ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13)мыйзамга ьшайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чейре жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок обьектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14)райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15)райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16)мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жузөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет елкелук чарбакер субьекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17)райондун символикасын бекитүү;
18)судьялардын, прокурорлордун, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19)Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
"6.2. Райондук кеңештин отуруму депутаттардын жалпы санынан жарымынан көбү катышканда ишти алып барууга укуктуу"
Панфилов райондук кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, токтом турунде чыгарьшат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
15.1. Райондун мамлекеттик администрация башчысы - аким (мындан ары - райондун акими) кызматына талапкерлер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары-Премьер-министр) тарабынан тиешелүү райондук кеңешке киргизилет.
15.2. Райондук кеңеш Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3.Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш талапкерди аныктай албаса, же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук кеңешке башка талапкерди (үчтөн кем эмес) берет.
15.4. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5 Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмес катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.
16.1. Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук кеңешке берилет.
16.2. Райондук кеңешке ар бир талапкердин төмөнкү маалыматы сунушталат -биографиялык маалыматтар (аты-жөнү, туулган жылы жана жери, улуту, орто билимди алган
жери, туруктуу жашаган жери, үй бүлөлүк абалы, кайсы партияда); -сүрөт, паспорттун көчүрмөсү;
-билими жөнүндө маалымат ( атайын, жогорку ) билими тууралуу документтин көчүрмөсү,окмуштуулук даражасы жана окмуштуулук наамы;
- эмгек ишкердуулугу жөнүндө маалымат, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, мамлекеттик жана . мекемелерден алган сыйлыктарынын көчүрмөсү; ™ 16.3. Премьер-министрдин колу менен ар бир талапкердин кесиптик жана ишкердик сапатынын негизинде кыскача баяндалган атайын кат даярдалат.
17.1. Райондук кеңеште Премьер-министр менен сунушталган акимдин кызматына талапкерлерди карап чыгуу тартибин уюштуруу үчүн райондук кеңештин чечими менен 3-5 депутаттан турган эсептее комиссиясы түзүлөт.
17.2. Эсептее комиссиясы добуш берүү бюллетенинин формасын жана текстин аныктайт, аларды сактоону камсыз кылат, өздөрүнүн отурумунда протоколдорду алып барууну уюштурат,ж.б.ыйгарым укуктарын азыркы Тартиптин негизинде жүзөгө ашырат. Эсептее комиссиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ишке ашырылат.
17.3. Премьер-министрдин сунушу менен гана акимдин кызматына талапкерлер добуш бөрүү бюллетенине киргизилет.
17.4. Акимдин кызматына талапкерлерди карап чыгуу жана добуш берүү райондук кеңеш белуп берген атайын имаратта өткөрүлөт.
17.5. Депутаттардын келүүсүнө, добуш берүүнү уюштурууга, добуш берүүчү имаратты керектуу жабдык менен жабдууга жана керектүү тартипти колдоого райондук кеңештин төрагасы жооптуу.
17.6. Добуш берүүнүн тартибин камсыз кылуу эсептее комиссиясына жүктөлөт. Эсептее комиссиясы:
-добуш берердин алдында депутаттарды каттоодон өткөрөт; -каттоодон өткөн депутаттарга бюллетенди таратат;
-райондук кеңештин депутаттарынын шайлоо бюллетени менен жашыруун добуш берүүчү кабинага өтүшүн көзөмөлдөйт жана добуштун жашыруундулугун камсыз кылат.
18.1. Эсептее комиссиясы добуш берүүнүн алдында райондук кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен бюллетень салынуучу үкөктү текшерет, бекитет, мөөр басат.
18.2. Ар бир депутат өзу добуш берет. Башка бирөө үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
18.3. Добуш берүүчүлөр бюллетенди жашыруун добуш берүүчү кабинада, же белмеде толтурат. Бюллетень толтурулуп жаткан учурда. башка биреелердун катышуусуна тыюу салынат.
18.4. Депутат бюллетенге өзү добуш берген бир талапкердин пайдасына "макул" же "баарына каршы"позициясына белги коет.
18.5. Белгисиз формадагы жана эки же андан көп талапкерге "макул"белгиси коюлган бюллетень жараксыз деп эсептелинет.
18.6. Райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер жактырьшды деп эсептелинет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулуп, эсептее комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Райондук кеңештин чечими менен биринчи нускадагы протокол Премьер-министрге, экинчи нуска-райондук кеңештин жооптуу катчысына, үчүнчү нуска-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Улуттук агенттигине бирдиктүү маалымат киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
18.7. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы райондук кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептее комиссиясынын протоколун бекитет.
18.8. Жактырылган талапкерди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына-акимине дайындоо жөнүндөгү кецештин сессиясынын чечими Премьер-министрге жөнөтүлөт.
18.9 Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгында райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун бир дагы талапкер ала албаса, добуш берүүнүн экинчи айланпасы өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи айланпасы ошол эле күнү өткөрүлөт.
18.10. Добуш берүүнүн экинчи айланпасында биринчи айланпада көпчүлүк добушка ээ болгон эки талапкер бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген Тартип боюнча жүргүзүлөт.
18.11. Эгерде экинчи айланпанын жыйынтыгында райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун бир да талапкер ала албаса, Премьер-министр сунуш кылган акимдин кызматына талапкерлер четтетилет, бул жөнүндө райондук кеңештин төрагасы Премьер-министрге кат жүзүндө 24 саат ичинде билдирет. Мындай учурда Премьер-министр башка талапкерлерди белгиленген Тартип боюнча сунуштайт.
5. Райондук Кеңештин аппаратына (Д.М.Джуматаевага) белгиленген тартиптин негизинде, бул токтомду массалык маалылдоо каражаттарына жарыялоо тапшырылсын.
6. Райондук Кеңештин аппаратына (Д.М.Джуматаевага) № 241 2009-жылдын 2— июлундагы "Кыргыз Республикасынын укутук актьшарынын ченемдери жөнүндө" мыйзамынын негизинде бул токтомду каттоодон өткөрүү тапшырьшсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Панфилов райондук Кеңешинин төрагасы К.Т.Нуркожоевге жүктөлсүн.
Панфилов райондук Кеңешинин төрагасы | К.Нуркожоев |