Загрузка документа…
ПАНФИЛОВ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 25 августу № 68/XX-2
"Панфилов райондук Кеңешинин Регламентине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын негизинде "Панфилов райондук Кеңешинин Регламентине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндөгү"маалыматты угуп жана талкуулап, Панфилов райондук Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Панфилов райондук Кеңешинин Регламентине 2008-жылдын 15-октябрындагы №1 бекитилген токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР Мыйзамынын 31-статьясына ылайык Панфилов райондук Кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөрөөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле ар түрдүү фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3) талап кылынбаган жана пайдаланбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4) тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5) жергиликтүү администрациянын башчысы- акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7) мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнетүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12) өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок обьектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15) райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субьекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчьшыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитүү;
18) судьялардын, прокурорлордун, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
6.2. Райондук кеңештин отуруму депутаттардын жалпы санынан жарымынан көбү катышканда ишти алып барууга укуктуу"
З.Пункт 9.1 төмөнкү редакцияда баяндалсын: Панфилов райондук кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
4.Регламент 5- бөлүк менен толукталсын: Төмөнкү мазмун менен: "5 бөлүк"
Райондун мамлекеттик администрация башчысын - акимди дайындоо тартиби жөнүндө жобо:
15.1. Райондун мамлекеттик администрация башчысы - аким (мындан ары - райондун акими) кызматына талапкерлер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан тиешелүү райондук кеңешке киргизилет.
15.2. Райондук кеңеш Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3.Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кенеш талапкерди аныктай албаса, же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук кеңешке башка талапкерди (үчтөн кем эмес) берет.
15.4. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5.Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмес катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.
16.1.Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук кеңешке берилет.
16.2.Райондук кеңешке ар бир талапкердин төмөнкү маалыматы сунушталат:
- биографиялык маалыматтар (аты-жөнү, туулган жьшы жана жери, улуту, орто билимди алган жери, туруктуу жашаган жери, үй бүлөөлүк абалы, кайсы партияда);
-сүрөт, паспорттун көчүрмөсү;
-билими жөнүндө маалымат ( атайын, жогорку ) билими тууралуу документтин көчүрмөсү,окмуштуулук даражасы жана окмуштуулук наамы;
- эмгек ишкердүүлүгү жөнүндө маалымат, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, мамлекеттик жана мекемелерден алган сыйлыктарынын көчүрмөсү;
16.3.Премьер-министрдин колу менен ар бир талапкердин кесиптик жана ишкердик сапатынын негизинде кыскача баяндалган атайын кат даярдалат.
17.1.Райондук кеңеште Премьер-министр менен сунушталган акимдин кызматына талапкерлерди карап чыгуу тартибин уюштуруу үчүн райондук кеңештин чечими менен 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
17.2.Эсептөө комиссиясы добуш берүү бюллетенинин формасын жана текстин аныктайт, аларды сактоону камсыз кылат, өздөрүнүн отурумунда протоколдорду алып барууну уюштурат,ж.б.ыйгарым укуктарын азыркы Тартиптин негизинде жүзөгө ашырат. Эсептөө комиссиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациям тарабынан ишке ашырылат.
17.3. Премьер-министрдин сунушу менен гана акимдин кызматына талапкерлер добуш берүү бюллетенине киргизилет.
17.4. Акимдин кызматына талапкерлерди карап чыгуу жана добуш берүү райондук кеңеш бөлүп берген атайын имаратта өткөрүлөт.
17.5. Депутаттардын келүүсүнө, добуш берүүнү уюштурууга, добуш берүүчү имаратты керектүү жабдык менен жабдууга жана керектүү тартипти колдоого райондук кеңештин төрагасы жооптуу.
17.6. Добуш берүүнүн тартибин камсыз кылуу эсептөө комиссиясына жүктөлөт. Эсептөө комиссиясы:
-добуш берердин алдында депутаттарды каттоодон өткөрөт;
-каттоодон откон депутаттарга бюллетенди таратат;
-райондук кеңештин депутаттарынын шайлоо бюллетени менен жашыруун добуш берүүчү кабинага өтүшүн көзөмөлдөйт жана добуштун жашыруундулугун камсыз кьшат.
18.1. Эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн алдында райондук кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен бюллетень салынуучу үкөктү текшерет, бекитет, мөөр басат.
18.2. Ар бир депутат өзү добуш берет. Башка бирөө үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
18.3. Добуш берүүчүлөр бюллетенди жашыруун добуш берүүчү кабинада, же бөлмөдө толтурат. Бюллетень толтурулуп жаткан учурда. башка бирөөлөрдүн катышуусуна тыюу салынат.
18.4. Депутат бюллетенге өзү добуш берген бир талапкердин пайдасына "макул" же "баарына каршы"позициясына белги коет.
18.5. Белгисиз формадагы жана эки же андан коп талапкерге "макул"белгиси коюлган бюллетень жараксыз деп эсептелинет.
18.6. Райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер жактырылды деп эсептелинет.Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулуп, эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Райондук кеңештин чечими менен биринчи нускадагы протокол-Премьер-министрге, экинчи нуска-райондук кеңештин жооптуу катчысына, үчүнчү нуска-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Улуттук агенттигине бирдиктүү маалымат киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
18.7. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы райондук кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептоо комиссиясынын протоколун бекитет.
18.8.Жактырылган талапкерди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына-акимине дайындоо жөнүндөгү кеңештин сессиясынын чечими Премьер-министрге жөнөтүлөт.
18.9.Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгында райондук кеңештин депутаттарьшын жалпы санынын көпчүлүк добушун бир дагы талапкер ала албаса, добуш берүүнүн экинчи айланпасы өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи айланпасы ошол эле күнү өткөрүлөт.
18.10. Добуш берүүнүн экинчи айланпасында биринчи айланпада көпчүлүк добушка ээ болгон эки талапкер бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген Тартип боюнча жүргүзүлөт.
18.11.Эгерде экинчи айланпанын жыйынтыгында райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун бир да талапкер ала албаса, Премьер-министр сунуш кылган акимдин кызматына талапкерлер четтетилет, бул жөнүндө райондук кеңештин төрагасы Премьер-министрге кат жүзүндө 24 саат ичинде билдирет. Мындай учурда Премьер-министр башка талапкерлерди белгиленген Тартип боюнча сунуштайт.
5.Райондук Кеңештин аппаратына (Д.М.Джуматаевага) белгиленген тартиптин негизинде, бул токтомду массалык маалылдоо каражаттарына жарыялоо тапшырьшсын.
6.Райондук Кеңештин аппаратына (Д.М.Джуматаевага) № 241 2009-жылдын 2-июлундагы "Кыргыз Республикасынын укутук актыларынын ченемдери жөнүндө" мыйзамынын негизинде бул токтомду каттоодон өткөрүү тапшырылсын.
7.Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө Панфилов райондук Кеңешинин төрагасы К.Т.Нуркожоевге жүктөлсүн.
Панфилов райондук Кеңешининин төрагасы |
К. Нуркожоев |
| Панфилов райондук кеңешини Депутаттарынын 5-чакырылыштагы XX сессиясында 2011-жылдын 25-августунда № 68/XX-2 токтому мененбекитилген |
ПАНФИЛОВ РАЙОНДУК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын райондук кеңеши.
Райондук кеңештин компетенциясы
Райондук кеңештин төрагасы жана райондук кеңештин төрагасынын орун басары
Райондук кеңештин жооптуу катчысы
Райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Райондук кеңештин ишинин жалпы тартиби
Райондук кеңештин биринчи сессиясы
Райондук кеңештин сессиясынын күн тартиби жана ишти пландаштыруусу
Райондук кеңештин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби
Райондук кеңештин токтомдорунун долбоорлорун кароо тартиби
10-бап.
Райондук кеңештин сессиясынын жумушчу органдары жана райондук кеңештин ишмердигин камсыздоо
Райондук кеңештин депутатынын сессия учурундагы укугу жана милдети
Коомдук угуулар
Райондук кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жол-жобосу жана тартиби
Райондук кецештин төрагасын жана анын орун басарын талапкерлерди көрсөтүү тартиби
Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
Райондун мамлекеттик администрация башчысын - акимди дайындоо тартиби жөнүндө жобо.
15-бап Жалпы жобо
1.Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамына ылайык депутаттардын райондук кеңеши райондун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү төрт жыл.
1.2. Райондук кеңеш өзүнүн ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамына, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларына, жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
1.3.Райондук кеңештин Регламента райондук кеңештердин ишин уюштуруу тартибин, алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
1.4.Райондук кеңештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу жана жалпы депутаттардын 1/3 талабы боюнча өткөрүлөт.
1.5.Райондун аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар, менчик формасына карабастан райондук кеңештин токтомдорун аткарууга милдетүү.
1.6.Райондук кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
2.1"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР Мыйзамынын 31статьясына ылайык Панфилов райондук Кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөрөөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту,ошон-дой эле ар түрдүү фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3) талап кылынбаган жана пайдаланбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4) тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5) жергиликтүү администрациянын башчысы- акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын учтен эки до-бушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7) мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кыз мат ордунан бошотуу, кецештин торагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12) окмот тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кецештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чойро жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок обьектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15) райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) мыйзамга ылайык жергиликтүү оз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлоо кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты коз-дөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субьекттер жана коомдук бирик-мелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлоо кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитүү;
18) судьялардын, прокурорлордун, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан чет-тетүү боюнча маселелерди коюу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
Райондук кеңештин төрагасы жана райондук кеңештин төрагасынын орун басары
Райондук кеңештин төрагасы:
3.1.Райондук кеңештин сессиясын чакырат, төрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана райондук кеңештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.2.Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3.Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4.Кеңештин регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5.Райондук кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту киргизет.
3.6."Муниципалдык кызмат тууралуу" КР Мыйзамына ылайык өзүнүн буйругу менен жоопту катчыны жана райондук кецештин аппаратынын жооптуу кызматкерлерин (башкы, жетектөөчү адистер) кызматка алат жана кызматтан бошотот.
3.7.Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кеңештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.8.Райондук кеңештин жаңы чакырылышындагы биринчи жаңы сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
Райондук кецештин торагасынын орун басары:
3.9. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары райондук кеңештин төрагасынын милдетинин, ал жок болгон учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда аткарат.
3.10.Коомдук башталыштарда өзүнүн ишин жүргүзөт.
4.1 Депутаттарды ал ар өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.2. Райондук кеңештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3. Райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин координациялайт.
4.4.Райондук кеңешке түшүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын көзөмөлгө алат.
4.5. Райондук кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана алардын райондук кеңештин депутаттарына чейин жеткирүүсүнө көзөмөл кылат.
4.6.Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессия ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.7.Райондук кеңештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзөт.
5.1.Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
5.2. Туруктуу комиссиядан райондук кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо, жана отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отурумду өткөрөт.
5.3.Туруктуу комиссиялар райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө райондук кецеш тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби райондук кеңеш тарабынан аныкталат. Райондук кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
5.4.Райондук кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзө алат.
5.5.Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды аткарышы боюнча жыйынтыктарын жөнүндө райондук кеңешке отчет берет.
5.6.Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар оз ишмердүүлүгүн токтотот.
6.1. Кайрадан шайланган райондук кеңештин биринчи сессиясы райондук кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы райондук кецештин төрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Райондук кецештин биринчи сессиясын кайрадан шайланган райондук кецештин курагы боюнча аксакал депутат ачат.
6.2.Райондук кеңештин отуруму депутаттардын жалпы санынан жарымынан көбү катышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3.Райондук кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине райондук кеңештин Регламенти, төрагасын анын орун басарын шайлоо маселеси райондук кеңештин жана структураны түзүү жана райондук кецештин ишине байланышкан башка маанилүү маселелер коюлат.
6.4.Райондук кеңештин төрогалыгына талапкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7.1.Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгө райондук кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2. Депутат киргизген сессиянын күн тартибине өзгөртүүлөр же толуктоолор тууралуу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Райондук кеңештин аппараты менен биргеликте, райондук кеңештин төрагасы даярдаган райондук кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3.Райондук кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Райондук кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону райондук кеңештин аппараты жүргүзөт.
7.4.Райондук кеңештин депутаттары райондук кеңештин туруктуу комиссиялары, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - акими райондук кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Райондук кеңештин бекитилген иш планына маселелерди аныктоону өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу райондук кеңештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8.1.Ушул регламентте белгиленген тартипте райондук кеңештин кароосуна коюла турган документтердин пакета төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- докладчыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат. Эгерде документ райондук кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
- райондук кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде райондук кецештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2.Токтом долбоору каралганда райондук кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнүн, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат.
Райондук бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттүү тартипте райондук мамлекеттик администрация башчысы - акиминин корутундусу угулат.
8.3.Райондук кеңештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4.Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1) мөөнөтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткаруу, же жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5.Райондук кеңештин (шаардык кеңештин структуралык түзүмү) ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү адам көрсөтүлөт.
Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук деңгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу көзөмөлдөө максаты болуп саналат.
Токтомдун же чечимдин тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же райондук кеңештин структуралык түзүмү, ошондой эле эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6.Көзөмөл жасоо боюнча отчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө же райондук кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
8.7. Райондук кеңештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 5 күн калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Токтомдун долбоорун райондук кеңештин депутаттарына жеткирүү сессияга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Райондук кецештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу кызматы боюнча райондук кеңештин төрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда тораганын орун басары же төрага, төраганын орун басары же болбосо райондук кеңештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирбеген) төрагалык кылат.
8.8.Райондук кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу кеңештин төрагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
8.9. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелер көрсөтүлүп жана кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгы негизделүү менен кеңештин төрагасына берилет.
8.10. Сессияга материалдарды даярдоо райондук кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11.Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен райондук кецештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12. Райондук кеңеш жылына кеминде бир жолу тийиштүү аймактагы иштин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрация башчысынын маалыматын угат.
Райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин маалыматынын тексти райондук кеңештин отурумунда аны карап чыгууга 10 күн калгандан кечиктирбестен райондук кеңешке киргизилет.
8.13. Райондук мамлекеттик администрация башчысына өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишеним билдирбөө жөнүндө чечим райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14. Райондук мамлекеттик администрация башчысы тарабынан киргизилген райондук бюджет жана аны аткаруу жөнүндө отчет, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары райондук кеңеш тарабынан карап чыгууга жатат жана райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын тең жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15. Алдыдагы финансылык жылга райондук бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9.1.Панфилов райондук кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
9.2.Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү тууралуу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду өзгөртүүлөр тууралуу, токтом көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3.Райондук кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабыл алынат жана ага райондук кеңештин төрагасы кол коет.
9.4.Депутаттын билдирүүсү жана/же анын жазуу же оозэки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5.Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
10.1.Райондук кеңештин сессиясы уюштуруу иштерин тутумдаштыруу максатында жумушчу органды - секретариатты, зарылчылык болгондо, эсептоо жана башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу орган - сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
10.2.Сессиянын секретариаты райондук кеңештин аппараты менен биргеликте сессиянын жүрүшүнүн стенограммасын алып барат, чыгып сүйлөгөндөрдү тактайт, регламенттин сакталышын козомолдойт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3.Секретариат райондук кеңештин аппараты менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт.
Райондук кеңештин отурумунун протоколунда: отурумду өткөрүү күнү, убактысы жана орду; отурумга катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибине коюлган маселелер; ошол отурум үчүн депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда торагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер менен сунуштар, добуш берүүнүн натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып көрсөтүлөт.
Протоколго сессиянын отурумунда төрагалык кылуучу кол коет.
Райондук кеңештин сессиясынын протоколдорунан, токтомдорунан көчүрмөлөрдү алуу жана алардан жазып алууларды тариздоо, райондук кеңештин жооптуу катчысынын уруксаты менен, райондук кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Көчүрмөсүн алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
10.4. Райондук кеңештин депутаты өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы менен тааныпгууга жана аны жарыялаганга чейин стенограмманын көчүрмөсүн алууга укуктуу.
11.1. Райондук кеңештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мүмкүн, ошондой эле ошол органга өз талапкерин көрсөтүпгү мүмкүн. Депутаттарды көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана башка Мыйзам актыларынын ошондой эле типтүү райондук кенештин Регламентине ылайык ишке ашат.
12.1. Райондук кеңештин төрагасы жана анын орун басары, райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү демилгелеши мүмкүн.
Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практикаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
13.1. Райондук кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү жолу менен райондук кеңештин депутаттарынын арасынан шайланат. Райондук кеңештин төрагасынын төрагалык кызматына талапкер райондук кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен депутаттардын өздөрү тарабынан көрсөтүлөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2. Көрсөтүлгөн талапкер өз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3. Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.4. Райондук кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына талапкерди райондук кеңештин төрагасы көрсөтөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.5. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда Панфилов райондук кеңештин төрагасы, орун басары ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, жергиликтүү депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
14.1.Райондук кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн 7 депутат санында эсептоо комиссиясы түзүлөт.
14.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.3. Добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн эсептоо комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана райондук кеңештин аппаратына өткөрүп берет.
14.4.Райондук кеңештин торагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерди эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5. Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын башка күбөлүктөрүнүн негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалыматты киргизүүгө жол бербейт.
14.6.Ар бир талапкер боюнча "Макул", "Каршы", "Жараксыз бюллетен" бюллетендерди эсептоо комиссиясы жыйынтыктайт, протокол менен бекемдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
14.7.Добуштардын алда канча коп 50%+1 санын алган райондук кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкер төрт жылдык мөөнөткө райондук кеңештин төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8.Бирдей добушка ээ болгон талапкерлерге кайрадан добуш берүү өткөрүлөт.
14.9.Биринчи айланпада бир да талапкер 50%+1 добуш ала албаса, коп добуш алган 2 талапкерге экинчи айланпа өткөрүлөт.
Добуш берген депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептептелет.
14.10.Башка талапкерге Караганда көбүрөөк добуш алган талапкер, бардык талапкерлерге каршы добушунан добушту аз алса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт, мурдагы көрсөтүлгөн талапкерлер бул шайлоого катыша албайт.
15.1. Райондун мамлекеттик администрация башчысы аким(мындан ары - райондун акими) кызматына талапкерлер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан тиешелүү райондук кеңешке киргизилет.
15.2. Райондук кеңеш Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3.Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш талапкерди аныктай албаса, же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук кеңешке башка талапкерди (үчтөн кем эмес) берет.
15.4.Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5.Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук кецештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмес катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.
16.1.Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук кеңешке берилет.
16.2.Райондук кеңешке ар бир талапкердин төмөнкү маалыматы сунушталат:
-биографиялык маалыматтар (аты-жөнү, туулган жылы жана жери, улуту, орто билимди алган жери, туруктуу жашаган жери, үй бүлөөлүк абалы, кайсы партияда);
-сүрөт, паспорттун көчүрмөсү;
-билими жөнүндө маалымат ( атайын, жогорку ) билими тууралуу документтин көчүрмөсү,окмуштуулук даражасы жана окмуштуулук наамы;
- эмгек ишкердүүлүгү жөнүндө маалымат, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, мамлекеттик жана мекемелерден алган сыйлыктарынын көчүрмөсү;
16.3. Премьер-министрдин колу менен ар бир талапкердин кесиптик жана ишкердик сапатынын негизинде кыскача баяндалган атайын кат даярдалат.
17.1. Райондук кеңеште Премьер-министр менен сунушталган акимдин кызматына талапкерлерди карап чыгуу тартибин уюштуруу үчүн райондук кеңештин чечими менен 3-5 депутаттан турган эсептоо комиссиясы түзүлөт.
17.2.Эсептөө комиссиясы добуш берүү бюллетенинин формасын жана текстин аныктайт, аларды сактоону камсыз кылат, өздөрүнүн отурумунда протоколдорду алып барууну уюштурат,ж.б.ыйгарым укуктарын азыркы Тартиптин негизинде жүзөгө ашырат.
Эсептоо комиссиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ишке ашырылат.
17.3.Премьер-министрдин сунушу менен гана акимдин кызматына талапкерлер добуш берүү бюллетенине киргизилет.
17.4.Акимдин кызматына талапкерлерди карап чыгуу жана добуш берүү райондук кеңеш бөлүп берген атайын имаратта өткөрүлөт.
17.5. Депутаттардын келүүсүнө, добуш берүүнү уюштурууга, добуш берүүчү имаратты керектүү жабдык менен жабдууга жана керектүү тартипти колдоого райондук кеңештин төрагасы жооптуу.
17.6. Добуш берүүнүн тартибин камсыз кылуу эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
17.7.Эсептөө комиссиясы:
-добуш берердин алдында депутаттарды каттоодон өткөрөт;
-каттоодон өткөн депутаттарга бюллетенди таратат;
-райондук кецештин депутаттарынын шайлоо бюллетени менен жашыруун добуш берүүчү кабинага өтүшүн көзөмөлдөйт жана добуштун жашыруундулугун камсыз кылат.
18.1. Эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн алдында райондук кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен бюллетень салынуучу үкөктү текшерет, бекитет, мөөр басат.
18.2.Ар бир депутат өзү добуш берет. Башка бирөө үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
18.3. Добуш берүүчүлөр бюллетенди жашыруун добуш берүүчү кабинада, же болмодо толтурат. Бюллетень толтурулуп жаткан учурда. башка бирөөлөрдүн катышуусуна тыюу салынат.
18.4. Депутат бюллетенге өзү добуш берген бир талапкердин пайдасына "макул" же "баарына каршы"позициясына белги коет.
18.5.Белгисиз формадагы жана эки же андан көп талапкерге "макул"белгиси коюлган бюллетень жараксыз деп эсептелинет.
18.6.Райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер жактырылды деп эсептелинет.Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулуп, эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Райондук кеңештин чечими менен биринчи нускадагы протокол-Премьер-министрге, экинчи нуска-райондук кеңештин жооптуу катчысына, үчүнчү нуска-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Улуттук агенттигине бирдиктүү маалымат киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
18.7. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы райондук кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептөө комиссиясынын протоколун бекитет.
18.8.Жактырылган талапкерди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына- акимине дайындоо жөнүндөгү кеңештин сессиясынын чечими Премьер-министрге жөнөтүлөт.
18.9. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгында райондук кецештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун бир дагы талапкер ала албаса, добуш берүүнүн экинчи айланпасы өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи айланпасы ошол эле күнү өткөрүлөт.
18.10. Добуш берүүнүн экинчи айланпасында биринчи айланпада көпчүлүк добушка ээ болгон эки талапкер бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген Тартип боюнча жүргүзүлөт.
18.11. Эгерде экинчи айланпанын жыйынтыгында райондук кецештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун бир да талапкер ала албаса, Премьер-министр сунуш кылган акимдин кызматына талапкерлер четтетилет, бул жөнүндө райондук кеңештин төрагасы Премьер-министрге кат жүзүндө 24 саат ичинде билдирет. Мындай учурда Премьер-министр башка талапкерлерди белгиленген Тартип боюнча сунуштайт.
ЭСКЕРТҮҮ: Типтүү регламент Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыккан. Райондук кеңештин сессиясы ушул типтүү реглатентке Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
|
|