Загрузка документа…
| Кара-Балта шаардык кеңешинин 2011-жылдын 4-майындагы №2 токтому менен бекитилген |
Жалпы жобо
Сынак комиссиясы
Сынак иш-кагаздарынын мазмуну
Сынак сунуштарынын мазмуну
Сынакка катышуудан четтетүүнүн шарттары
Сынактарды уюштуруу жана өткөрүү
Сынак өткөрүү
Келишимди түзүү, аткаруу жана жокко чыгаруу.
1- тиркеме. Сынакка катышу үчүн билдирме
2- тиркеме. Сынактын катышуучусунун транспорт каражаттарынын накталыгы жана абалы.
3- тиркеме. Сынактын катышуучусунун өндөндүрүштүк-техникалык негизинин абалы жөнүндө маалымат
4-тиркеме. Сынактын катышуучусунун транспорт каражаттарын пайдалануудагы, жол коопсуздугу жана техника коопсуздугуна жооптуу жетекчилердин жана адистердин тизмеси.
5- тиркеме. Сынактын катышуучусунун айдоочуларынын түзүмүнүн тизмеси.
6- тиркеме. Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча сынактын катышуучусунун эмгек стажы.
7- тиркеме. Маршрут боюнча унаа каражаты менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча келишим.
8- тиркеме. Жарыя.
9- тиркеме. Эскертүү.
10- тиркеме. Сынактын катышуучусунун унаа каражаттарын баалоо.
11-чи тиркеме. Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн комиссиянын отурумунун протоколу.
12-чи тиркеме. Маршрут боюнча жүргүнчүлөрдү унаа каражаты менен ташууну уюштуруу укугу жөнүндө Кара-Балта шаар башкармалыгынын Буйругуна баракча тиркемеси.
13-чү тиркеме. Сынактын катышуучулары үчүн көрсөтмө.
Кара-Балта шаарынын ичинде жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн ташычуу унааны аныктоо боюнча ачык сынакты өткөрүү жөнүндө бул Жобо 2001- жылдын 8- майындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №217 «Кыргыз Республикасындагы транспорт унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну жакшыртуу чараларын уюштуруу жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын коммуникация жана транспорт министрлигинин 2008-чи жылдын № 121 буйругуна ылайык иштеп чыгарылган.
1.2. Бул Жобо:
- жүргүнчүлөрдү шаар ичиндеги маршруттарда унаа менен ташууну уюштуруу максатында же авто ташуучуларды аныктоо боюнча Кара-Балта шаар башкармалыгы (мындан ары Сынак уюштуруучусу) тарабынан ачык сынакты өткөрүү ирээтин аныктайт;
- сынактын катышуучулары үчүн сунуштамаларды даярдоодо жана сынактын сунуштарын кароо жана баалоодо талаптарын белгилейт;
- сынактын жыйынтыгы боюнча чечимди кабыл алуу жана бекитүү ирээтин аныктайт.
1.3. Бул Жобонун максаттары:
- авто унаа менен жүргүнчүлөрдү сапаттуу ташууну камсыздоо;
- ташуучулар арасында ачык тең тайлашууну камсыздоо;
- шаар ичиндеги маршруттарда авто унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу мөөнөтүндө авто ташуучулардын арасында тең тайлашууну өнүктүрүү жана кеңейтүү;
сынактын баардык катышуучуларына бирдей адилеттүү мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу;
1.4.Сынакка жеке менчиктин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык лицензиясы бар жана сынактын бардык шарттарын аткарган юридикалык жана физикалык жактар катыша алат.
1.5.Сынакка маршрут же каттам өз алдынча лот катары же болбосо эки же андан көп маршруттар же каттамдар аз кирешелүү лот катары андан чоң кирешелүү лот менен бириктирилип социалдык маанилүү маршрут болуп коюлушу мүмкүн.
2.1. Сынак сунуштарын балоо үчүн жана сынактын жеңүүчүсүн аныктоо максатында сынактын уюштуруучусу сынак комиссиясын түзөт (мындан ары Комиссия).
2.2. Комиссиянын курамына төмөнкү өкүлдөр кирет:
- сынактын уюштуруучулары;
- Кара-Балта шаар кеңешинин депуттары;
- Кыргыз Республикасынын ИИМ нин унаа инспекциясынын мамлекеттик башкармалыгынын тиешелүү органдары;
- Кыргыз Республикасынын Түндүк аймактык мамлекеттик унаа инспекциясынын башкармалыгы;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү органдары.
2.3. Сынактын Төрагасы болуп сынактын уюштуруучусунун өкүлү дайындалат. Төрага жок учурунда анын милдетин сынактын уюштуруучусу тарабынан чыгарылган буйруктун негизинде дайындалган Төраганын орун басары аткарат.
Комиссиянын курамынын саны так сандан туруп беш адамдан ашпашы керек. Иш жүргүзүү максатында сынактын уюштуруучусу чыгарган буйрукка ылайык комиссиянын катчысы дайындалат. Катчы комиссиянын курамына кирбейт.
3.1. Сынакты өткөрүү алдында сынактын өткөрүүчүсү лотторду негиздейт жана сынак иш кагаздарынын топтомун даярдайт.
3.2. Сынак иш кагаздарынын топтомуна төмөндөгүлөр кирет:
- сынакка коюлган каттармдардын негизги мүнөздөмөлөрү:
- лоттун номери, маршруттун номери, маршруттун аты, маршруттун аралыгы, жумушчу жана демалыш күндөрүндөгү чыгуулардын саны, жумушчу жана демалыш күндөрүндөгү каттамдардын саны, автобустардын жумушчу жана демалыш күндөрүндөгү каттамдарынын аралыгы, автобустардын зарыл саны;
- сынакка катышу үчүн арыз (биринчи тиркеме);
- сынактын катышуучусунун жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн унаа каржаттарынын абалы жана саны (экинчи тиркеме);
- сынактын катышуучусунун өндүрүш техникалык базасынын абалы жөнүндө маалымат (үчүнчү тиркеме);
- сынактын катышуучусунун унаа каражаттарын пайдалануу, техника коопсуздугу, жүрүү коопсуздугу үчүн жооптуулардын, адистердин жана жетекчилердин курамы(төртүнчү тиркеме);
- сынактын катышуучусунун айдоочулар курамынын тизмеси (бешинчи тиркеме);
- сынактын катышуучусунун жүргүнчүлөрдү тейлөө ишинин эмгек стажы (алтынчы тиркеме);
- маршруттарда автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча типтүү келишимдин үлгүсү(жетинчи тиркеме);
- сынактын катышуучулары үчүн көрсөтмө (он үчүнчү тиркеме).
4.1. Сынактын сунуштары төмөнкү маалыматтарды камтыйт;
- сынакка катышу үчүн арыз (биринчи тиркеме);
- сынактын катышуучусунун жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн унаа каржаттарынын абалы жана саны (экинчи тиркеме);
- сынактын катышуучусунун өндүрүш техникалык базасынын абалы жөнүндө маалымат (үчүнчү тиркеме);
- сынактын катышуучусунун унаа каражаттарын пайдалануу, техника коопсуздугу, жүрүү коопсуздугу үчүн жооптуулардын, адистердин жана жетекчилердин курамы(төртүнчү тиркеме);
- сынактын катышуучусунун айдоочулар курамынын тизмеси (бешинчи тиркеме);
- сынактын катышуучусунун жүргүнчүлөрдү тейлөө ишинин эмгек стажы (алтынчы тиркеме);
- мамлекеттик катто жөнүндө күбөлктүн көчүрмөсү: юридикалык жактар үчүн юстиция министрлигинде, физикалык жактар үчүн мамлекеттик статистика органдарында;
- арыз берүүчүгө салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык кодун ыйгарууну далилдеген документ.
Кыргыз Республикасынын салык жана жыйындар боюнча мамлекеттик комитетинен салык боюнча карыздары жок тууралуу аныктама жана жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн берилген лицензиянын көчүрмөсү;
- жайгашкан жеринен социалдык төлөмдөр боюнча карызы бар же жоктугу тууралуу аныктама;
- сынактын иш кагаздары үчүн төлөмдүн квитанциясы
Сынактын сунуштары ушул Жобонун 3-8-чи тиркемеге ылайык атайы бекитилген формадагы бланктарда толтурулат. Оңдоолор жана түзөтүүлөлөрсүз конвертке чапталып эки экземплярда - биринчиси нуска, экинчиси көчүрмө болуп тапшырылат.
4.2. Бир лоттон ашык айдоочу курам жана унаа каражаттары сынака катыша албайт.
4.3. Сынак сунуштары сынактын катышуучулары жөнүндө толук жана так маалыматтарды чагылдырылышы керек.
5.1. Сынакка катышуудан четтетүү сынактын уюштуруучусу менен төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- катышуучу (катышуучулар) сынак иш кагаздарын талапка ылайык эмес даярдаганда;
- катышуучу (катышуучулар) жөнүндө маалыматтар туура эмес учурда;
- сынактын катышуучулары банкрот болуп жарыяланып же банкрот процессинде болгондо;
- катышуучу же катышуучулар социалдык камсыздоо фондуна жана салык боюнча карыздары бар учурда;
- маршрутту тейлөө үчүн тиешелүү унаа каражаттарынын жетишсиздиги учурунда.
6.1. Сынактын уюштуруучусу массалык маалымат каражаттар аркылуу 30 күн мурун сынактын өтүүчү убактысы, орду, тартиби жөнүндө билдирет.(10 тиркеме).
6.2. Сынакка катышууга кызыккан унаа менен ташуучулар сынактык иш кагаздар пакетине ээ болуу үчүн эркин жазуу түрүндө билдирме тапшырат. Андан мурун ошол пакеттин баасын төлөөсү тийиш. Сынактык иш кагаздардын тобунун баасы сынактын уюштуруу иштерине чыгымдалган нарктын ченине барабар болушу керек.
6.3. Сынактын катышуучуларын каттоо ММКга жарыялангандан тартып башталат жана мөөнөттүн бүтөөрүнө үч күн калганда аяктайт.
6.4. Сынактын катышуучусу катары катталыш үчүн жобонун 4.1. пунктуна ылайык иш кагаздардын топтомун өткөрүшү керек.
6.5. Өз убагында тапшырылган билдирме кабыл алынгандан кийин сынактын уюштуруучусу катышуучуга иш кагаздарды кабыл алгандыгы жөнүндө маалымкат тапшырат (11-чи тиркеме). Ага конверттин ачуу күнү белгиленет, ошондон тартып сынактын сунуштарына өзгөртүү, толуктоо киргизилишине тыюу салынат.
6.6. Кайсы бир лот боюнча бир гана катышуучу же болбосо такыр эле каттоо жок болсо анда ал лот боюнча сынак өткөрүлбөгөндүгү билдирилип, лот боюнча кайта сынак уюштурулат.
6.7. Комиссия сынак өткөрүлгөнгө чейин катышуучуларга билдирүү менен алар жөнүндө тапшырылган маалымат текшерилип такталат, 4.1. пунктуна ылайык конверттер ачылып, сынак сунуштары толук протокол жүргүзүү менен текшерилет. Конверт ачууга сынак катышуучулары күбө боло алышат. Ошол эле учурда сынак иш кагаздарынын көчүрмөлөрү ачылат.
6.8. Конверттерди ачуу күнүндө комиссия текшерүү күн тартибин түзөт жана эки күндөн кеч эмес ар бир катышуучуну текшерүү убактысы жөнүндө маалымдайт. Текшерүү күнү сынактын катышуучусу сынак комиссиясына бардык керектүү иш кагаздарды тапшырат жана талап кылынган объекттер менен таанышуу үчүн шарттарды түзөт.
Сынактын комиссисынын мүчөлөрү бардык сынак иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн текшерет: сынак сунуштарында көрсөтүлгөн унаа каражаттарынын накта баардыгы жана талапка жооп берүүсү, офисинин бардыгы, өндүрүш базада жүрүүчү курамды оңдоого жана техникалык тейлөөгө шарттын бардыгы.
Текшерүүнүн жыйынтыгында сынак комиссиясы сынак сунуштарында берилген маалымат так экендиги жөнүндө атайы толтурулган маалымат баракчасына белги коет жана биринчи тиркемеге ылайык балл коюп, андан кийин сынактын катышуучусуна билдирет. Көрсөтүлгөн иш кагаздар атайы конвертке билдирме жана катышуучулардын башка тапшырылган иш кагаздары менен бирге чапталат.
7.1. Сынакты өткөрүү күнү комиссиянын мүчөлөрү сынактын катышуучуларын төмөнкү өзгөчөлүктөр боюнча баалайт:
- транспорт каражаттарын баалоо;
- өндүрүш техникалык негизинин абалын баалоо;
- жүрүү коопсуздугу, техникалык коопсуздук жана унаа каражаттарын пайдалануу үчүн жооптуулардын, адистердин, жетекчилердин квалификациясын баалоо;
- айдоочулардын курамынын квалификациясын баалоо;
- сынактын катышуучусунун жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча иш стажын баалоо.
7.2. Комиссиянын мүчөлөрү сынактын катышуучуларынын баалоодогу жалпы баллдары кошуп, жалпы жыйынтык балл чыгарып, сынактын жеңүүчүсүн аныктап, отурумдун протоколуна киргизет.
7.3. Комиссиянын иши отурумдун катышуучуларынын саны 2/3 адамды түзгөндө укуктуу негизге ээ болот.
7.4. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн эң жакшы шарттарды сунуштаган жана жобонун биринчи тиркемесине ылайык эң көп балл алган катышуучу сынактын жеңүүчүсү болуп таанылат.
7.5. Эгерде эки катышуучу бирдей эң жогорку баллды алса жеңүүчү өндүрүш негизинин деңгээлине карата аныкталат.
7.6. Бардык катышуучулар конкурс өткөндөн кийин 30 күндүн ичинде тапшырылган иш кагаздары боюнча жазуу түрүндө маалымат ала алышат.
7.7. Комиссиянын чечимин сот аркылуу жокко чыгарса болот.
7.8. Эгерде сот сынактын жыйынтыгын туура эмес деп тапса, соттун жокко чыгаруу чечими чыккандан кийин 30 күндөн кеч эмес кайрадан сынак өткөрүлөт. Мындай учурда сынактын мурунку катышуучулары сынак иш кагаздарын бекер алууга укугу бар.
8.1. Комиссиянын протоколуна ылайык, сынакты уюштуруу боюнча тийиштүү органы Кыргыз Республикасында автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелердин чегинде 10 күндүн ичинде сынактын жеңүүчүсү менен эки жылга каттамдарда автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча келишим түзөт. Аныкталган каттамдарда автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга укугу бар экендиги жөнүндө жеңүүчүгө Кара-Балта шаар башкармалыгынын буйругу тапшырылат.
8.2. Буйрукка тиркеме бар (12-чи тиркеме). Анда сынактын жеңүүчүсүнүн иш кагазында белгиленген автобус катталат.
8.3. Кара-Балта шаар башкармалыгынын буйругунун көчүрмөсү жана мөөр басылган тиркеменин барагы айдоочунун колунда иш убагында болушу керек.
8.4. Келишим эки жылга түзүлөт.
8.5. Каттамда иштөө укугу үчүнчү жакка буйрутмачынын жазма макулдугусуз берилбейт.
8.6. Келишим убагына чейин эрте жокко чыгарылса же убагы бүтсө сынак уюштуруучу мыйзам чегинде каттамдарды тейлөө боюнча келишимге жаңы сынак жарыялайт. Эгерде келишим бир жак менен токтотулса анда келишим бузуучу жазуу түрүндө 30 күн мурун өз демилгеси жөнүндө билдириши керек.
Кара-Балта шаардык кеңешинин катчысы |
А.Мырзакматова |
1 | Коомдун аталышы | «ТАК» ачык акционердик коому |
2 | Жайгашкан жери | Кара-Балта ш. жогорку өнөржай зонасы |
3 | Негизги иш жүргүзүүсүнүн түрү | Мүлктү ижарага берүү |
4 | Башкаруунун жогорку органы | Акционерлердин жалпы жыйыны |
5 | Аткаруучу органы | Директор – Миролаев В.М. |
6 | Директорлор кеңеши | Н.С. Неклюдова,В.В. Мурашкин, В.Е. Барышников. |
7 | Коомдун ревизору | Б. Курманалиева |
8 | Коомдун катчысы | Н.С. Неклюдова |
9 | Акционерлердин саны | 239 |
10 | Кызматчылардын саны | 6 |
11 | Көзкарандысыз реестр кармоочу | ЖЧК «Фирма Депо-регистр,ЛТД» Кара-Балта ш.,Кожомбердиева көч. 106/2, тел. 3-22-25 |
12 | Уставдык капиталдын өлчөмү | 1698500 |
13 | Акциялардын жалпы саны | 237792 |
14 | Өзгөчө факттар жөнүндө маалымат | жок |
15 | Кызыктыруучу келишимдер жөнүндө маалымат | жок |
16 | 20.04. 2011 –жылдагы жылдык жалпы чогулуштун чечими | Жылдык отчет, бухгалтердик баланс, 2010 –жылдагы чыгаша жана киреше эсептери бекитилсин. 2011-жыл үчүн жылдык бюджет бетилсин. |
Берененин аталышы | 31.12.2010-ж. карата | 31.03.2011-ж. карата |
Активдер | 10952201 | 10961787 |
Милдеттенмелер | 92750 | 102336 |
Өздүк капитал | 10859451 | 10859451 |
анын ичинде: |
|
|
Уставдык капитал | 1698500 | 1698500 |
Башка капитал | 9160951 | 9160951 |
Тейлөө жана иштерди сатуу түшкөн киреше | 1119236 | 365750 |
Сатуунун өздүк наркы | 1160610 | 388557 |
Отчет мезгилиндеги киреше жана чыгаша | -41374 | -22806 |
Дебитордук карыз | 1187793 | 1187793 |
Кредитордук карыз | 92750 | 102336 |
|
|