КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылыштын кезексиз 25-сессиясы
2011-жылдын 26-октябры № 202/XXV-25
Кант шаарында жер участокторуна менчик же ижара укугун тоорукта акы алып берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнүн «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтуу жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Кант шаарынын аймагында жер участокторуна менчик же ижара укугун тоорукта берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кант шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-июнундагы №54/VI-25 токтому менен бекитилген «Кант шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө» жобо кучун жоготту деп табылсын.
Бул токтомду каттап, ал Кыргыз Республикасыньш укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасыньш Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышьш көзөмөлдөө Кант шаар башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.Д.Абдрахмановго жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңештин төрөгасы |
М. Дербишев |