Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-апрели №133/23-25
Сын-Таш айыл аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин К3, аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339 б.4.п.02.10.2008-ж., айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327б. аткаруу максатында Сын –Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сын-Таш айыл окмотунун аймагында айыл чарбалык эмес жерлерди колдонуу үчүн жана юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти К3-1, өлчөмдө аныкталсын.
2.Сын-Таш айыл өкмөтүнө:
бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин.
бул токтомдун көпчүлүк маалымат каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлүн Сын-Таш айыл кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Сын-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
Р. Акынов |