Загрузка документа…
СОКУЛУК РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №В-25\2
Сокулук райондук Кеңешинин Күн тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Сокулук райондук Кеңешинин жумушчу тобунун жетечиси №10 шайлоо аймагынын депутаты О. Ш. Мамаевдин маалыматын угуп, Сокулук райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик акимчилиги» тууралуу мыйзамдын 3-бап, 14-берене, 2-бөлүгүнө ылайык Сокулук райондук Кеңешинин «Күн тартибинде» толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү бекитилсин.
2. Райондук Кеңештин аппараты бул токтомду Чүй областык Юстиция башкармалыгында Кыргыз Мамлекетинин мыйзамдар ченеминде каттоодон өткөрсун.
Сокулук райондук кеңешинин төрагасы |
М. Осмонкулов
|
| Сокулук райондук Кеңешинин 2012-жылдын 21-январындагы №В-25\1 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын райондук Кеңеши .
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамалекеттик администрация “Мыйзамына ылайык райондук Кеңеш, райондогу мамлекеттик бийлик менен бир катар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлдүк органы болуп эсептелет. Райондук Кеңештин Өкүлдүк мөөнөтү төрт жыл.
2. Райондук Кеңеш өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнундө“ Мыйзамын, “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация” Мыйзамын , Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин Указдарын, токтомдорун, буйруктарын, андан сырткары азыркы күн тартибин жетекчиликке алат.
3. Райондук Кеңештин күн тартиби райондук кенештин уюштурулган иштөө тартибин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын түзүлуштөрүн, сессиялардын өткөрүлуүү мөөнөттөрүн аныктайт.
4. Райондук Кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана жалпы депутаттардын 1/3 бөлүгүнөн кем эмес санынын талабы боюнча өткөрүлөт.
5. Райондук Кеңештин токтомдорун райондун аймагында жайгашкан менчиктин фопмасынан көз карандысыз, бардык мекеме – уюмдар, ишканалар аткарууга милдеттүү.
1. Райодук Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде коюлган укуктарынын негизинде, маселелерди кароого жана алар боюнча өкүлчүлүктүн чегинде чечим кабыл алууга укуктуу .
Райондук Кенештин компетенциясына кирет :
1. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жана пландарын, болжолдорду жана стратегияларды бекитүү, райондогу айлана – чѳйрѳнү коргоо жана калыбына келтирүү программаларды бекитүү жана алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ;
1). Райондун бюджетин жана анын аткарылышы боюнча отчетун, андан тышкары атайын фонддордун колдонуу тартибин бекитүү;
2). Керектелбеген жана пайдаланылбаган жайыттардын маселелери;
3).Бир жылда бир жолудан кем эмес, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын өз аймагындагы иштердин абалы жөнүндөгү маалыматтарды угуу;
4).Райондук кеңеш Премьер – министр тарабынан сунуштаган талапкерге 15 күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алып, Премьер –министрге райондун акиминин кызматына дайындоо боюнча сунуш киргизет ;
5).Райондук Кенештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 унун добушу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына ал өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишенбестик көрсөтүү;
6). Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бекитилген учурда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
7). Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына сунуштоо максатында административдик – аймактык түзүмдөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу ;
8). Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин төгүнгө чыгаруу;
9). Кеңештин күн тартибин кабыл алуу;
10). Райондук Кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
11). Ѳкмѳт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде райондук Кенештин аппаратынын штаттык расписаниесин жана түзүлүшүн бекитүү;
12). Мыйзамга ылайык турак жай фондун, көпүрөлөрдү, жолдорду модернизациялоо жана кармоо, куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, андан тышкары коммуналдык чарбалардын, экономикалык, социалдык чөйрө жана көңүл ачуу чөйрөсүнүн башка объектилерин куруу боюнча сунуштарды киргизүү;
13). Райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди жоюу жана реорганизациялоо, тузүү маселелерин макулдашуу;
14). Райондук мааниде жаштардын спорттук, маданий – тарбиялоочу, окуу – тарбиялык, илимий иш –чараларды өткөрүү жана уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
15). Мыйзамга ылайык башка жергиликтүү өзүн ѳзү башкаруу органдары менен аракеттерин бириктирүү чечимдерин кабыл алууга, анын ичинде коомдук - пайдалуу жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүү максатында транс чек аралык кызматташтык маселеси боюнча, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо жана алдыга жылдырууга, жалпы кызыкчылыктарды билдирген иштерди жана иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жана чет элдик чарбалык субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташууга;
16). Райондун символикасын бекитүү;
17). Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдѳөө (сот, прокурорлор, Улуттук коопсуздук органдарынын аймактык мамлекеттик бөлүктөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынан башкалары), андан тышкары аймакта жайгашкан башка мекеме, уюмдарды, жогоруда айтылган органдардын жетекчилерин, эгер алар ѳз милдеттерин аткарбаса, кызматынан четтетүү маселесин сунуштоого;
18).Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларында каралган башка маселелерди кароого;
1. Райондук Кеңештин туруктуу комиссиясы кеңешти алып барууга тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн түзүлѳт, кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, аймакта жайгашкан мекеме, уюмдардын ал чечимдерди аткарышын кѳзѳмѳлдѳйт. Кенеш менен убактылуу комиссиялар да түзүлѳт .
2. Комиссиянын тизмесин, анын сандык курамын жана шайлоо тартибин райондук кенеш аныктайт. Кенештин ѳкүлчүлүк мөөнөтүнүн ичинде, керек болгон учурда, жаны туруктуу комиссиясын түзѳ алат, мурда түзүлгѳндѳрүн жоюп, анын курамына өзгөртүү киргизе алат.
3. Туруктуу комиссия райондук кенештин депутаттарынын ичинен түзүлѳт. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын курамына кенештин төрагасы жана орун басары шайлана албайт.
4. Туруктуу комиссия төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишмердигинин негизги багыттары боюнча комиссия алдындагы комиссияларды түзө алат.
5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына ѳзгѳртүү киргизет.
6. Комиссиянын мүчѳсүнүн өкүлчүлүгү анын өтүнүчү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат, андан тышкары алардын өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган абалда токтотулат.
7. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын ишмердиги жана уюштуруу тартиби, милдеттери, укуктары азыркы Мыйзам, жергиликтүү кеңештин күн тартиби жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актылары менен аныкталат.
8. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясы өз ишине окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартат.
9. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясы алардын компетенциясындагы маселе боюнча тиешелүү чечим кабыл алат .
10. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясы ведомстволук аймакта жайгашкан мекеме, уюмдардын оперативдүү–чарбалык ишмердигине киришүүгө укуксуз.
1. Райондук кенештин туруктуу комиссиясы:
1). кеңештин кароосуна коюлган, тиешелүү аймактын улуттук–маданияттык жана социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу маселелерди даярдоого катышат.
2). тиешелүү аймакта социалдык – маданияттык жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кенешке сунуш киргизүү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө;
3). Өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын долбоорун алдын ала карайт, бюджет боюнча өзүнүн эскертүүлөрүн даярдайт, керек болгон учурда аларды кеңешке берет;
4). жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана уставдын талаптарын аткарууну сактайт ;
5). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана райондук кеңештин күн тартибинде каралган башка укуктарды ишке ашырат;
6). Райондук кеңештин туруктуу комиссиясы, аны алып барууга тиешелүү болгон маселелер боюнча тиешелүү аймакта жайгашкан мекеме, уюмдар, ишканалар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын органдарынын адистерин жана жетекчилерин угууга укуктуу .
Убактылуу ( атайын ) комиссиялар .
1. Кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу ( атайын) комиссияларды түзөт.
2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү алар түзүлгөндө аныкталат.
3. Убактылуу комиссиялардын ишмердиги аларга коюлган тапшырмалар аткарылганда токтотулат .
1. Райондук кенештин туруктуу комиссиясынын отуруму комиссиянын иштөө планына ылайык чакырылат .
2. Туруктуу комиссиясынын отурумунда райондук кеңештин депутаты кеңешүү добушу менен, бул комиссиянын мүчѳсү болбосо да катыша алат.
3. Бир нече туруктуу комиссия алып барган маселелер, комиссиянын демилгеси боюнча, андан тышкары райондук кеңештин тапшыруусу боюнча, комиссиялар менен биргелешип каралат .
1. Туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам берүүгө жана ишмердигин камсыз кылууну уюштуруу үчүн, керектүү материалдарды даярдоого райондук кеңеш өзүнүн аппаратын өкмөт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде тузө алат.
2. Ишмердикти райондук деңгээлде материалдык – техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жуктөлөт .
1. Райондук кеңештин аны алып барууга тиешелүү маселелер боюнча чечими, шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер мыйзам тарабынан башка тартип каралбаган учурда. Райондук кеңештин чечими токтом түрүндө берилет жана кеңештин төрагасы кол коет.
2. Райондук кеңештин чечимдери, алар кабыл алган укуктарынын чегинде, тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, андан тышкары мекемелер, уюмдар жана ишканалар, менчиктин түрүнө карабастан, мыйзам чегинде коюлган укуктук чегинде аткарылышы керек .
3. Райондук кеңештин нормативдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде коюлган тартипте күчүнө кирет .
4. Райондук Кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде коюлган тартипте күчүн жоготот .
1. Райондук кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында кѳпчүлүк фракциясынын депутаттарынын ичинен же кѳпчүлүк фракциясынын коалициясынан жашыруун добуш берүү менен жергиликтүү кеңештин өкүлчүлүгүнүн мѳѳнѳтүнө шайланат .
2. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызматына шайлоо жана талапкерлерди көрсөтүү тартиби жана башка шайлоонун процедуралык маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин күн тартиби менен аныкталат.
3. Райондук кеңештин төрагасы ѳзүнүн милдеттерин аткарбаса же тийиштүү түрдө аткара албаса, ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда, жалпы шайланган депутаттардын көпчүлүк добушу менен райондук кеңештин депутаттарынын 1/3 нин демилгеси менен бошотулат .
4. Райондук кеңештин төрагасы башка айлык төлөнгөн кызматта иштебеши керек.
5. Райондук кеңештин төрагасы:
1). Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;
2). Сессияда төрагалык кылат;
3). Райондук кеңештин чечимдерине кол коет;
4). Райондук кеңеш койгон башка милдеттерди аткарат.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук кеңештин төрагасы мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын берүүгѳ ходатайство бере алат .
1. Райондук кеңештин тѳрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.
2. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болуп калса же анын өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анын милдетин аткарат.
3..Райондук кеңештин төрагасынын орун басары ээлеген ордунан, райондук кеңештин депутаттарынын 1/3 нун демилгеси менен шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүгүнүн добушу менен бошотулат .
4. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишмердигин коомдук башталышта алып барат, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагасынын орун басарларын албаганда .
1. Райондук кеңештин иштеши кеңештин жаны курамынын түзүлүшү менен, кеңешти таратуу менен токтотулат .
1. Райондук кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылат:
1). тиешелүү райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 1/3 нун көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган чечими боюнча;
2). азыркы Мыйзамда каралган негиздер боюнча Президент таратат ;
3). тиешелүү административдик – аймактык бирдиктин чек араларын өзгөрткөн реорганизация болгон учурда;
1. Райондук кеңештин өзүн өзү таратуу жөнүндөгү чечими Президентке указ чыгаруу үчүн жөнөтүлөт .
2. Административдик-аймактык бирдикти кайра атоо, анын чек арасы өзгөрбөсө, реорганизация болуп эсептелбейт жана райондук кеңеш таратылбайт. Реорганизацияга байланыштуу райондук кеңешти таратуу жөнүндө Президенттин Указы тиешелүү административдик – аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден баштап 10 күндөн кеч эмес убакта чыгарылышы керек, эгер мыйзамдын өзүндө башка мөөнөт коюлбаса .
1. Жогоруда аталган райондук кеңештин мөөнөтүнөн мурда таратылышынын кайсы учуру болбосун, расмий түрдө таратуу жөнүндө Президенттин Указы жарыкка чыккан күндөн баштап эсептелет .
2. Райондук кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарап кетсе, мүлктүн жана документтердин сакталышына райондун мамлекеттик администрациясынын тиешелүү башчысы жооп берет .
Райондук кеңеш ѳзүнүн функциясын аткарууну, азыркы Мыйзам менен коюлган, мөөнөтүндө ѳткѳрүлгѳн биринчи сессиядан баштап аткара баштайт, ишмердигин райондук кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясы өткөн күнү токтотот.
1. Райондук кеңештин мамлекеттик бийликтин органдары менен өз ара мамилелери функцияларды чектөө, кеңештерге жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары койгон аларга тиешелүү болгон милдеттерди берүү принциптеринин негизинде түзүлөт .
2. Мамлекеттик бийликтин органдары райондук кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө киришүүгө укуксуз .
3. Райондук кеңеш мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө киришүүгө укуксуз .
4. Аймактын кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди караганда сессияга катышууга, туруктуу комиссиянын отурумуна тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат .
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация аймактын ѳнугүүсү боюнча маанилүү маселелер боюнча, ѳзүнүн чечимдерин райондук кеңеш менен дайыма жазуу түрүндө макулдашып жана консультация өткөрүп турат .
1. Райондук кеңештин негизги уюштуруу-укуктуу иштөө формасы болуп алардын сессиясы эсептелет. Сессияны өткөрүү тартиби жана убактысы райондук кеңештин күн тартиби менен аныкталат .
2. Райондук кеңештин отуруму жалпы депутаттардын санынын жарымынан кем эмес катышуусу менен ѳтүүгө укуктуу. Райондук кеңеш райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлугүнун добушу менен чечим кабыл алат, эгер мыйзамда башкасы каралбаса .
3. Кайра шайланган кеңештин биринчи сессиясы мурунку чакырылыштагы кенештин төрагасы аркылуу, райондук кеңештин депутаттары шайлангандан кийин эки жумадан кеч эмес убакта чакырылат .Райондук кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү райондук кеңештин жашы боюнча улуу депутат ачат.
4. Райондук кеңештин сессиясы ачык өткөрүлѳт, кварталына бир жолу жана райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 1/3 нун талабы боюнча .
1. Райондук кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран райондук кеңеш тарабынан бекитилген күн тартибине ылайык сессияга катышууга укугу бар 2. Райондук кеңеш жабык сессия өткөрүү чечимин кабыл ала алат, эгер карала турган маселе мыйзамга тиешелүү мамлекеттик жашыруун сыр болсо.
3. Райондук кеңеш жарандарга сессиянын күн тартибин жана датасын алдын ала билдирүүгѳ, алардын сессияга катышуусуна шарт тузүүгѳ, андан тышкары жергиликтүү коомчулукка кабыл алынган чечимдерин жеткирүүгѳ милдеттүү .
Жооптуу катчы :
1. Депутаттарды алар ѳз милдеттерин аткарууда, тиешелүү маалымат менен камсыз кылат;
2. Райондук Кеңештин ишинин перспективалык планынын аткарылышын камсыз кылат .
3. Райондук Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт .
4. Райондук кеңешке келип түшкѳн иш-кагаздарын аткарылышын эсепке алат жана көзөмөл жүргүзөт.
5. Райондук Кеңештин сессиясынын материалын даярдайт жана алардын райондук Кеңештин депутаттарына жеткирилишин көзөмөлдөйт .
6. Сессиянын ишине катышууга депутаттардын, мекеме, уюмдардын жетекчилерин, ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын коомдук ѳкүлдѳрүн жана башка адамдардын катышуусун уюштурат .
7. Райондук Кеңештин аппаратынын ишмердигин координациялайт, уюштурат жана көзөмөлдөйт .
Райондук Кеңештин ишин пландоо жана сессиянын күн тартиби
1. Сессиянын үн тартибин жана иштөө тартибин сессиянын төрагасы, туруктуу комиссиянын сунуштары боюнча депутаттар сунуштайт жана талкууланат, депутаттар бекитет. Райондук Кеңештин сессиясынын учурдагы күн тартиби сессиянын күн тартибиндеги кезектеги маселелерди жана аларды кароо тартибин камтыйт .
2. Райондук Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин райондук кеңештин жооптуу катчысы райондук Кеңештин аппараты менен биргелешип даярдаган долбоору, депутаттарга таратылат .
3. Райондук Кеңештин иш планы бир жылга түзүлѳт. Райондук Кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону райондук Кеңештин аппараты ишке ашырат .
4. Райондук Кеңештин иш планына маселе киргизүүгө райондук Кеңештин депутаттары, райондук Кеңештин туруктуу комиссиялары укуктуу. Райондук Кеңештин бекитилген иш планына маселелердин аталышын ѳзгѳртүү, жаны маселени киргизүү же алып салуу депутаттардын добуш берүүсү менен чечилет жана райондук Кеңештин сессиясынын токтому менен жабдылат
1. Азыркы Күн тартип менен коюлган тартипте, райондук Кеңештин кароосуна киргизиле турган документтердин пакети киргизиши керек:
- маселени даярдоого жооптуу адамдын колу коюлган, коштолгон кат, доклад жасай турган адамды көрсөтүү менен.
Эгер документ мурда райондук Кеңеш кабыл алган токтом менен аткарылууга даярдалса, анда коштолгон катта тиешелүү шилтеме жасалат;
-Райондук Кеңештин токтомунун долбоору .
Эгерде райондук Кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстарды кириштөө же чыгыштоону караса, иштеп чыгуучулар тиешелүү эсеп – кысаптарды (экономикалык негиздөө) кошо бериши керек .
2. Токтомдун долбоорун кароодо райондук Кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ѳкүлдѳрүнүн, талкууга чакырылган башка адамдардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат .
3. Райондук Кеңештин токтомунун долбоорун талкуулоо жыйынтыгы боюнча тѳмѳнкү чечимдерин бири кабыл алынат
а). токтомду толук бойдон кабыл алуу ;
б). кайра иштеп чыгууга жөнөтүү ;
в). күн тартибинен чыгарып салуу .
4. Токтомдо анын ишке ашыруу тартиби коюлат, атап айтканда :
1). мөөнөттөрү конкреттештирүү, пунктарды аткаруу жана аракетке келтирүү ыкмасы жана токтомду аткаруу толук бойдон аныкталат;
2). органдарга жана кызмат адамдарына мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү милдеттер берилет, укуктук нормативдик актыларды жакшыртуу үчүн убактысы аныкталат, аларды кабыл алынган токтом менен ылайыкташтырылат .
5. Райондук Кеңештин ар бир токтомунда анын аткарылышын көзөмөлдөгөн адам көрсөтүлөт .Көзөмөлдөөнүн максаты болуп документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди аныктоо, аткарууга тоскоол болгон органдарды ,адамдарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, андан тышкары керек болгон учурда документтин жоболорун аткарууну сот тартибинде камсыз кылуу .
Токтомдун же чечимдин белгиленген пунктунда аткаруучу ( бир же бир нече) же райондук Кеңештин структуралык калыпка келтирүү жана эрежеге ылайык, аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт .
6. Көзөмөлдөө боюнча отчет берүү мөөнөтү же токтомдун өзүндө, же райондук Кеңештин төрагасы аркылуу коюлат .
7. Райондук Кеңештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка, андан тышкары массалык маалымат каражаттарына сессиянын өтө турган күнүн, убактысын жана күн тартибин, сессиянын өтө турган ордун өткөрулө турган күнгѳ 5 калганда кечиктирбей билдирет. Райондук Кеңештин депутаттарына токтомдордун долбоору сессияга 3 күн калганча жеткирилиши керек. Райондук Кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Төрагалык кылуучу болуп райондук Кеңештин төрагасы эсептелет. Эгер ал жок болуп калса, анын орун басары же төрага, же орун басары өзү тапшырган башка депутат төрагалык кылат .
8. Райондук Кеңештин кезексиз сессиясынын чакырылышы Кеңештин төрагасынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын же депутаттардын жалпы санынын 1/3 нун демилгеси боюнча жүргүзүлөт .
9. Депутаттардын кезексиз сессиясын чакыруу сунушу Кеңештин төрагасына карала турган маселелерди көрсөтүү менен жана кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгын негиздөө менен берилет .
10. Сессияга материалдарды даярдоо жооптуу райондук Кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар аркылуу даярдалат. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери менен даярдалат .
11. Киргизиле турган маселелер боюнча материалдар ( токтомдордун долбоорлору, маалыматтар, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) демилгечилер аркылуу жазуу түрүндө райондук Кеңештин жооптуу катчысына сессия өтө турган күнгѳ 7 күн калганча берилиши керек .
12. Райондук Кеңеш тиешелүү аймактагы иштердин абалы тууралуу мамлекеттик администрация башчысы -Акимдин маалыматтын жылына бир жолудан кем эмес угушу керек. Мамлекеттик администрациясынын башчысы-Акимдин маалыматынын тексти райондук Кеңешке, райондук Кеңештин отурумунда аны карай турганга 10 күн калганча берилиши керек .
13. Райондук бюджет жана анын аткарылышы тууралуу отчет, мамлекеттик администрация башчысы киргизген аймактын социалдык – экономикалык ѳнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары райондук Кеңештин кароосуна коюлат жана ал үчүн райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет .
1. Депутаттардын көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнундө”, “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндө” Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү Кеңештердин жана алардын органдарынын ишмердигин жөнгө салуучу башка мыйзамдык актылары менен, андан тышкары райондук Кеңештин тиешелүү күн тартиби менен аныкталат .
1. Райондук Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүүну өткөрүү жана уюштуруу үчүн 3-5 депутат эсебинде эсептөө комиссиясы түзүлѳт .
2. Эсептөө комиссиясы ѳзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт ( төраганы, катчыны жана мүчөлөрүн бекитет) бюллетендерди, ящиктерди жана жабык добуш берүү үчүн кабиналарды даярдайт .
3. Добуштарды камсыз кылуу үчүн, эсептөө комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт, эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарын сактоону камсыз кылат жана райондук Кеңештин аппаратына өткөрүп берет .
4. Райондук Кеңештин төрагалык кызматына талапкерди, андан тышкары райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына талапкерелер жашыруун добуш берүү бюллетенине алфавиттик иретте киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептөө комиссиясы аркылуу добуш берүү бюллетендерин саноонун жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт .
5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорттук маалыматтардын же башка инсандык күбөлөндүрүүчү документтердин негизинде жазылат. Бюллетенге башка башка маалымат жазууга болбойт .
6. Ар бир талапкер боюнча бюллетендеги “макул”, “Каршы “, “Бузулган бюллетень” боюнча эсептөө комиссиясы жыйынтык чыгарат, протоколду толтурат жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна киргизет.
7. Райондук Кеңештин төрагалык кызматына же мамлекеттик администрация башчылыгына талапкер депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алса, райондук Кеңештин төрагасы же мамлекеттик администрация башчысы болуп шайланды деп эсептелинет .
8. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – Акимдин кызматына талапкерлигине талапкер сунушталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Премьер–Министри тарабынан көрсөтүлгөндөн кийин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын шайлоо боюнча 15 күндүк мөөнөттөн аяктаарына 3 күндөн кеч эмес убакта райондук Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылат
9. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган райондук Кеңештин төрагалыгына жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кызматына шайланган болуп эсептелет
10. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин бири дагы райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы саныны көпчүлүк добушун албай калган учурда, добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт Экинчи тур ошол эле биринчи тур өткөрүлгөн күнү өтөт.
11. Экинчи турда бюллетенге биринчи турда көбүрөөк добуш алган эки талапкеркиргизилет Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган райондук Кеңештин төрагалыгына же райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кызматына талапкер райондук Кеңештин төрагалыгына же райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кызматына шайланган болуп эсептелет
12. Эсептөө комиссиясынын протоколу райондук Кеңештин сессиясында бекитилет жана шайланган мамлекеттик администрациясынын башчысы боюнча Премьер-министрге жиберилет,экинчи эземпляр райондук Кеңештин жооптуу катчысында сакталат
11. Тѳраганын орун басарынын кызматына талапкер ачык добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүүнү өткөрүү жана жыйынтыгын саноону эсептөө комиссиясы алып барат .
12. Сессияда катышып отурган депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер, райондук Кеңештин төрагасынын орун басарлык кызматына шайланат .
1. Кеңештин Күн тартиби Болжолдуу Күн тартибинин негизинде Күн тартибинин маселелери боюнча жумушчу топ аркылуу иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясында Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет .
2. Күн тартибинин маселеси боюнча топ Кеңештен шайланган, 5 тен кем эмес депутаттан турат .
3. Ар бир депутат Күн тартибине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш киргизе алат. Сунуштар Күн тартибинин маселелери боюнча жумушчу топтун кароосуна жиберилет.
4. Күн тартибинин маселелери боюнча жумушчу топ түзөтүүлөрду кабыл алат же четке кагат. Кабыл алынган түзөтүүлѳр Кеңешке бекитүүгѳ киргизилет .
Четке кагылган түзөтүүлѳрдүн автору аны Кеңеште кароого суранууга укуктуу.
5. Күн тартиби жана Күн тартибине түзөтүүлөр Кеңешке шайланган депутаттардын санынын кѳпчүлүгү менен кабыл алынат .
1. Райондук Кеңеш депутаттар аркылуу шайлоочулар менен туруктуу байланышта болуп турат, райондун бюджетин түзүүдө жана социалдык, экономикалык, маданий программаларды ишке ашырууда жана иштеп чыгууда алардын кызыкчылыгын жана суроолорун эсепке алат.
2. Кеңеш тарабынан коюлган тартипке ылайык дайыма шайлоочуларды кабыл алуу жана райондук Кеңештин төрагасы, жооптуу катчы жана Кеңештин депутаттары менен жолугушуулар өткөрүлүп турат.