Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 25 майы № 226/37-2
Токмок шаарынын бала бакчаларында балдардын тамактануусу үчүн төлөмдү көтөрүү жөнүндө
Токмок шаардык жаштар саясаты жана билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык жаштар саясатынын жана билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Толебаев А.М.) Токмок шаарынын бала бакчаларында бжалдардын тамактануусу үчүн төлөмдү 50 сомдон 65 сомго күн сайын атайын каражаттын эсебинен (ата – энелердин төлөмүнөн) көтөрүүгө уруксат берилисин жана Токмок шаардык каржы бөлүмүнө чыгаша сметасы сунушталсын.
2. Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Котко Н.Т.), чыгаша сметасы «Атайын каражат» беренеси боюнча бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токмок экономика, бюджет, каржы, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Председатель Токмокского городского кеңеша |
М. Джаманбаев |