Редакцияот 453545
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты №80\ 20-25

Юрьевка айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөрү жөнүндө мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык Юрьевка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү жыйым киргизилсин:

-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым

2. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир түтүндөн 30 сомдон деп бекитилсин.

3. Юрьевка айыл өкмөтүнө:

-бул токтом ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин;

-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Юрьевка айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Юрьевка айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Эминов