Редакцияот 30.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 39/XIV-25

Кочкорбаев айылдык округунда 2010-жылга карата бюджеттин аткарылышы жана 2011 -жылга карата бюджетти жана штаттык жүгүртмөнү кабыл алуу

Кочкорбаев айылдык округунун каржы бөлүмүнүн башчысы Эгемкулова Динаранын “2010 - жылга бюджеттин аткарылышы боюнча 2011- жылга карата штаттык жүгүртмөсүн жана жаны бюджетти кабыл алуу жөнүндө маалыматы угулду жана талкууланды, ”

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каржы бөлүмүнүн башчысынын 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча  2011-жылга карата штаттык жүгүртмөсүн жана жаны бюджети жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.

2. 2011 жылга карата штаттык жүгүртмө жана жаны бюджет бекитилсин:

Киреше бөлүгү - 8072,5 миң.сом

Чыгаша бөлүгү -9077,0 миң.сом

2010- жылда бюджеттин аткарылышы:

Киреше бөлүгү - 8896,0 миң.сом

Чыгаша бөлүгү -9077,0 миң.сом

3. Штаттык жүгүртмө 2011 жылга коюлган бюджетке карата бекитилсин.

4. Кочкорбаев айылдык округунда  2012-жылга карата бюджет өз учурунда  кабыл алынсын.

5. Токтомдун аткарылышы  каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрө агасы Рустемов М.М. жүктөлсүн.

 

Кочкорбаев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Осмонкулов Ж.С.