Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 40/XIV-25
Айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-3 Коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” “Айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-3 Коэффициентин бекитүү жөнүндө” 1 бөлүмүнүн 337 - беренесинин жана 4 бөлүмүнүн 339 – беренесинин негизинде,
Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айылдык Кеңешинин депутаттары бекитти:
-АЗС үчүн 1,5
-Бардык чарба бирикмелери үчүн 1,5
-ОсОО Маналит үчүн 1,5
-Башка айыл чарбасына кирген объектилер үчүн 1,5
2. Чарбага баш ийбеген бирикмелерге айыл өкмөтү тарабынан К3 коэффиценти бекитилсин
3. К3 коэффиценти боюнча коомдук бирикмелерди ирээтке келтирүү үчүн курамы үч кишиден турган комиссия түзүлсүн.
1. Адиков С. У-жер бөлүштүрүү боюнча башкы адис
2. Эгемкулова Д. Ө-каржы бөлүмүнүн башчысы
3. Журбина Л. П-салык боюнча башкы адис
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы салык боюнча башкы адис Журбина Людмила Петровнага милдеттендирилсин.
Кочкорбаев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Осмонкулов Ж.С. |