Редакцияот 29.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХVIII сессиясы

 

2011-жылдын 29-марты №119/ХVIII-25

2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге жер салыгынын чегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338 жана 339- беренесинин негизинде “2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге жер салыгынын чегин бекитүү жөнүндө” маселени карап көрүп

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылга белгиленген айыл чарбалык эмес жерлерге салыкты эсептешүү үчүн Ак-Кудук айылдык округунун аймагында К1=1 коэффициенти бекитилсин.

2. Ак-Кудук айылдык округундага Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн салык инспектору айыл чарбалык эмес белгиленген жерлерге ушул токтомду колдонмо кылып жер салыгын эсептөөнү жүргүзсүн. 

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В.Я.Тарасовго жүктөлсүн.

 

Ак-Кудук айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.В.Ким