Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты №120/ХVIII-25
Калктуу пункттардын аймактарынан таштандыны чыгаруу үчүн салыкты чогултуунун чегин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Законунун 12-1 беренеси, “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликитүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Законунун 12.01.2002-жылдагы 23 беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу пункттардын аймагынан таштандыны чыгаруу үчүн салык жыйноону Ак-Кудук айылдык округунун аймагына киргизилсин.
2. Калктуу пункттардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн юридикалык жактардын ар бир жумушчусунан 100 сом өлчөмүндө жана ар бир короодон 40 сом налог чогултуу чеги бекитилсин.
3. Ак-Кудук айылдык округу :
-ушул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигинде катталсын
-ушул токтом көчө комитеттери, айыл старосталары аркылуу айылдык округдун ар бир жашоочусуна жеткирилсин
-баардык юридикалык жактарды ушул токтом менен салык инспектору кол койдуруу менен тааныштырсын
4. Токтом кабыл алынгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.В.Ким |