Редакцияот 15.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХХ сессиясы

 

2011-жылдын 29-марты №№134/ХХ-25

ОСОО “Кант-Центр Кастомс Сервиске” жер тилкесин берүү жөнүндө

“Жер тилкесин берүү жөнүндө” “Кант-Центр Кастомс Сервистин” 5.09.2011-жылдагы № 2-114 катын карап көрүп

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант-Центр Кастомс Сервистин 5.09.2011-жылдагы №2-114 катынын негизинде Ак-Тилек Бажы постуна аянты 1.37 га жер тилкеси өткөрүп берилсин.

2. Ак-Тилек Бажы кызматынын жанында жайгашкан аянты 1.5 га жер тилкеси ОСОО”Кант-Центр Катомс Сервис ижарага берилсин.

3. Ак-Кудук айыл өкмөтү ижара жана жер салыгын өз убагында төлөөгө Кант-Центр Кастомс Сервисти милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Ак-Кудук айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.В.Ким