Редакцияот 15.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХХ сессиясы

 

2011-жылдын 15-сентябры №138/ХХ-25

“Айыл чарбага белгиленген жердин” категориясына “жайыт” жана “бадалдар” жерлеринин түрүнөн “суу алдындагы” жана “курулуш алдындагы “ жерлер түрүнө Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 11 жана 13- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.01.2008 жылдын №19 токтому менен бекитилген, жер тилкелеринин бир категориядан экинчи категорияга өткөн тартиби жөнүндө Жобону колдонуп, №100, 101 ж-а 102 контурлардагы жайланышкан жер тилкелерин которуу жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү контурлар жайгашкан жер тилкелерин (трансформациялоо) которуу жүргүзүлсүн

-Айыл чарбага белгиленген жерлер категориясына “жайыт”  жерлеринин  түрүнөн “суу алдындагы” жердин түрүнө №100,101 контурдун   жалпы аянты 1,12 га.

-“Айыл чарбага белгиленген жерлер” категориясына “бадалдар” жеринин түрүнөн  “курулуш алдындагы” жердин түрүнө №102 контурдан аянты 0,1 га

2. Ушул токтом Ысык –Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жиберилсин.

3. Ушул токтомдун атакарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Ак-Кудук айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.В.Ким