АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХV чакырылган ХХI сессиясы
2011-жылдын 19-декабры №№145/ХХI-25
2012-жылга Ак-Кудук айылдык округунун бардык категориядагы жерлер үчүн бирдиктүү зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338 жана 339-беренесинин негизинде “2012-жылга Ак-Кудук айылдык округунун бардык категориядагы жерлер үчүн бирдиктүү зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө” маселени карап көрүп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга айылчарбасына белгиленбеген жерлерге К1=1 зоналык коэффициентин Ак-Кудук айылдык округунун аймагына бекитилсин.
2. Ак-Кудук айылдык округунун айыл өкмөтүнүн салык инспектору ушул токтомду колдонуп айыл чарбага белгиленбеген жерлерге жер салыгынын эсебин жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В.Я.Тарасовго жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.В.Ким |