Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры №153/ХХI-25
2012-жылга Ак-Кудук айылдык округундагы калктын төлөө кызматына тарифтерди бекитүү жөнүндө
“Чүй областынын Ысык-Ата районунун айыл өкмөттөрүндө аткарылып жаткан төлөө кызматына бирдиктүү Прейскурант бааларын макулдашуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү жана Монополияга каршы саясат боюнча Чүй областтык Мамлекеттик Агент бөлүмүндө 2007-жылдын 22-июнундагы №70 буйругун колдонуп “2012-жылга Ак-Кудук айылдык округундагы калктын тейлөө кызматына тарифтерди бекитүү жөнүндө” маселелерди карап көрүп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнөн көрсөтүлгөн төлөө кызматына Прейскурант баалары бекитилсин:
МААЛЫМАТ :
Жашаган жеринен маалымат - 5 сом.
Үй-бүлө курамы жөнүндө маалымат – 5 сом.
Маалымат Ф-3 (паспортун жоготкондо),
Айыл-чарба тамак-аштарын сатууга - 10 сом.
Маалымат Ф-51 (нотариалдык кеңсеге мураскорлукка),
Насыя алууга – 10 сом.
МАЛДЫН САНЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ:
Ири мүңүздүү малдын, аттын саны жөнүндө 1 баш – 10 сом.
Кой, эчки, чочконун саны жөнүндө 1 баш – 10 сом.
Үй канаттуулары жөнүндө (каз, өрдөк, тоок, күрп) 1 баш – 5 сом.
ПАСПОРТТУК СТОЛДУН КЫЗМАТЫ, ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИНИН
БАР ЖАНА ЖОК ЭКЕНДИГИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ.
Архитектура - 10 сом.
Мамкаттоо - 10 сом
Жарандарды каттоо жана чыгаруу – 5 сом.
УРУКСАТ жана Актылар.
Турак үй курууга жер тилкесин бөлүп берүү - 100 сом.
Юридикалык жак үчүн жеке менчикке жер тилкесин бекитүү жөнүндө уруксат -100 сом.
Дүкөнчөлөрдү жана соода точкаларын орнотуу үчүн жер тилке бөлүп берүү боюнча
Уруксат - 100 сом.
Дыйкан чарбаларынын уюштурулушуна уруксат – 100 сом.
Маалыматтар аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, соц. жардамга, военкоматка бекер берилет.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ким М.В. |