Загрузка документа…
ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты № 72/XIV-25
Интернационал айылдык округунун 2010 жылга карата бюджеттин аткарылышы жана 2011 жылга бекитилген бюджети жөнүндө
27 берененин 2п. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө мыйзамына» ылайык Интернационал айылдык округунун 2010 жылга карата бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат угулду жана 2011 жылга карата коюлган бюджеттин проекти каралып
Интернационал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылдык округунун 2010 жылга карата бюджеттинин аткарылышы жөнүндө каржы бөлүмүнүн убактылуу башчысы Джунушалиеванын отчетун кабыл алуу.
2. 2011 жылга карата коюлган бюджеттин кирешесин бекитүү киреше 5985,2 миң сом, категориялык грант 3718,0 миң сом, жана чыгаша 5985,2 миң сом.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу бюджет жана каржы комиссиясынын туруктуу төрагасы Оморов С.С-га жүктөлсүн.
Интернационал айылдык кеңешинин төрагасы |
Рубас В.Г.
|