Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 86/13-25
Туз айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн К2 жер салыгы жана кыймылсыз мүлккө салык боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо жөнүндө
02.10.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4 пунктун аткаруу боюнча, айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы киргизүү жана мүлк объектисине төлөнүүчү салык баасын аныктоо тартиби жөнүндө 327-берененисин аткаруу максатта Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн жана юридикалык жана жеке жактардан кыймылсыз мүлккө жер салыгынын заналдык коэфифиценти Кг аныкталсын.
2. Туз айылдык округу:
- бул токтомду нормативдик-укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына көрсөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрайымы |
К. Кыдыкеева
|