Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 84/13-25
Туз айыл өкмөтүнүн 2010-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы жана 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Туз айылдык округунун каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын М.Ч. Кыдыкеевдин "Туз айылдык округунун Туз айыл өкмөтүнүн 2010-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы жана айыл өкмөттүн 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" маалыматын угуп, талкуулап Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын М.Ч. Кыдыкеев "Туз айыл өкмөтүнүн 2010-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө" маалыматы эске алынсын (маалмат тиркелет).
2. Бекитилсин:
-жергиликтүү бюджет Негизги счет - 4845,7 мин, сом
-Атайын счет - 41,2 миң сом (тиркемеге ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрайымы |
К. Кыдыкеева
|