Редакцияот 31.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31 марты № 102/17-25

Сын-Таш айыл округунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн  жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Сын-Таш айыл округунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн жергиликтүү бюджетин карап жана талкуулап

Сын-Таш айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сын-Таш айыл округунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн жергиликтүү бюджети-12310,5 миң сом, киреше бөлүгү-4215,3 миң сом, чыгаша бөлүгү-4215,3 миң сом, категориалдык грант-8095,2 миң сом менен бекитилсин.

2. Сын-Таш айыл өкмөтүнө:

-Бул токтом Чуй-Бишкек юстиция Башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин.

-Бул токтомдун көпчүлүк маалымат каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.

3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлуү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.

 

Сын-Таш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Р. Акынов