Редакцияот 31.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 3 марты № 102/25-17

Сын-Таш айыл округунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн жергиликтүү бюджетин атайы эсептеги бюджетин бекитүү жөнүндө

Сын-Таш айыл округунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн жергиликтүү бюджетин карап жана талкуулап, атайы бюджети үчүн

Сын-Таш айыл кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Сын-Таш айыл округунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2011-жыл үчүн атайы эсебинин бюджети киреше бөлүгү- 45,0 миң сом, чыгаша болугу- 45,0 миң сом, менен бекитилсин.

Сын-Таш айыл өкмөтүнө:

1. Бул токтом Чуй-Бишкек юстиция Башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин.

2. Бул токтомдун көпчүлүк маалымат каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.

3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.

 

Сын-Таш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Р. Акынов