Редакцияот 31.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31- марты № 110/17-25

Сын-Таш айыл округунун 2011-жыл үчүн жайыт колдонуучулардын Бирикмесинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Сын-Таш айыл округунун жайыт колдонуучулардын бирикмесинин 2011-жыл үчүн бюджетин карап жана талкуулап,

Сын-Таш айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сын-Таш айыл округунун жайыт колдонуучулардын бирикмесинин 2011-жыл үчүн бюджети киреше бөлүгү-395 764 сом, чыгаша бөлүгү- 395 764 сом, менен бекитилсин.

2. Сын-Таш айыл өкмөтүнө:

-Бул токтом Чуй-Бишкек юстиция Башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин.

-Бул токтомдун көпчүлүк маалымат каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.

3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.

 

Сын-Таш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Р. Акынов