Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-апрели № 111/XXIII-25
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2012-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С.Көчөралиеванын Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2012-жылга карата бюджетинин долбоору жөнүндө маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2012-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 12836,8 сомго жана чыгаша булагы 12836,8 сомго,анын ичинде атайын каражаттар боюнча 55миң сомго бекитилсин.
2. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери /Далбаева К. Көчөралиева, Н. Самарбекова С. Жолбунова Д. Егембердиева Г/
-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салыктын, салык эмес төлөмдөрдүн жана мурунку жылдардан калган карыздардын негизинде 100% дан ашык аткаруу милдеттендирилсин.
-бюджеттин аткарылышы боюнча квартал сайын айылдык кеңештин сессиясында маалымдама берилип турсун
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нурманбет айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Сагынбекова |