Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26 - декабры №11/64
Кызыл-Кыя шаарына караштуу калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын ставкасын аныктоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 22-пунктуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын ставкасы ишканада иштегендердин санына жараша бир кишиге 50 сом өлчөмүндө аныкталсын.
2. Кызыл-Кыя шаарына караштуу калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымды чогултуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Эранов |