Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26 - декабры №11/65
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдын ставкасын белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 22-пунктуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдын ставкасы 10(он) сом өлчөмүндө белгиленсин, анын ичинен 3(үч) сому жергиликтүү бюджетке төлөнсүн.
2. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымды чогултуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
М. Эранов |