Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009 - жылдын 26 - декабры №11/66
Кызыл-Кыя шаарындагы, Ак-Булак, Караван жана Жин-Жиген айылдарындагы турак жай үйлөрдүн жана башка курулуш обьектилеринин жанында ашыкча мыйзамсыз кошуп алган жерлердин сатуу баасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2008-жылдын 28-августундагы №37/209 «Кызыл-Кыя шаарында турак жай үйлөрдүн жана башка курулуш обьектилеринин жанында ашыкча мыйзамсыз кошуп алган жерлердин баасын бекитүү жөнүндө" токтому жокко чыгарылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак, Караван жана Жин-Жиген айылдарындагы турак жай үйлөрдүн жана башка курулуш обьектилеринин жанында ашыкча мыйзамсыз кошуп алган жерлерди сатып мыйзамдаштыруу үчүн ал жерлердин сатуу баасы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Кызыл-Кыя шаарындагы, Ак-Булак, Караван, жана Жин-Жиген айылдарындагы турак жай үйлөрдүн жана башка курулуш обьектилеринин жанында ашыкча мыйзамсыз кошуп алган жерлердин бекитилген сатуу баасынан жарандардын аямалуу, айрым категорияларына жеңилдиктерди берүү жөнүндө ЖОБО №2-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы |
М.Эранов |
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (IV чакырылышы) 2009 - жылдын 26-декабрындагы №11/66 токтомуна №1 тиркеме |
Кызыл-Кыя шаарындагы, Ак-Булак, Караван жана Жин-Жиген айылдарындагы турак жай үйлөрдүн жана башка курулуш обьектилеринин жанында ашыкча мыйзамсыз кошуп алган жерлердин сатуу баасы
К-р№ |
Көчөлөрдүн аталышы | Комерциялык багыттагы жерлердин баасы м2/сом | Жашылдандыруу багытындагы, үй алдындагы (приусадебный) жерлердин баасы м2/сом |
1. | 1-микрорайон | 400 - 500
бул көчөлөрдөн тышкары аймактар 200-300
| 100-130
бул көчөлөрдөн тышкары аймактар 50-70
|
2. | Асаналиева көч. | ||
3. | Молодежная көч. | ||
4. | Кулатов көч. (Борбордук мончодон пост ГАИге чейин) | ||
5. | 60 лет Киргизии көч. | ||
6. | Январский ТОСу | ||
7. | Первомайская көч. (КИТЭПтен "Жамиля" магазинге чейин) | ||
8. | Кулатов көч. (АО "Сапардын гаражынан КГПИге чейин) |
200-300
|
35-50
|
9. | Первомайская көч. ("Жамиля" магазинден 61-разьездге чейин) | ||
10. | "Машзавод'1 ТОСу | ||
11. | "Суухана" ТОСу | ||
12. | "Каракозу" ТОСу | ||
13. | БАМ ТОСу | ||
14. | "Кенчилер" ТОСу | ||
15. | 61-разьезд аймагы | ||
16. | Ак-Булак, Караван жана Жин-Жиген айылдары |
Эскертүү:Сунуш шаардын муниципалдык менчик департаменти тарабынан берилди.
(чыгуу №304 08.12.2009-ж. каты менен)
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
Р Абдукаюмов |
| Кызыл -Кыя шаардык кеңешинин (IV чакырылышы) кезексиз XI сессиясынын 2009-жылдын 26-декабрындагы №11/66 токтомуна №2 - тиркеме |
Кызыл-Кыя шаарындагы, Ак-Булак, Караван, жана Жин-Жиген айылдарынлагы турак жай үйлөрдүн жана башка курулуш обьектилеринин жанында ашыкча мыйзамсыз кошуп алган жерлердин бекитилген сатуу баасынан жарандардын аямалуу, айрым категорияларына жеңилдиктерди берүү жөнүндө
ЖОБО
Кызыл-Кыя шаарындагы «Ак-Булак, Караван, жана Жин-Жиген айылдарынлагы турак жай үйлөрдүн жана башка курулуш обьектилеринин жанында ашыкча мыйзамсыз кошуп алган жерлердин бекитилген сатуу баасынан жеңилдиктер берилсин:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, ардагерлерине, майыптарына жана афган согушунун, Чернобыль окуяларынын катышуучуларына - 100% өлчөмдө;
- 1 - тайпадагы майыптарга - 100% өлчөмдө;
- 2 - тайпадагы майыптарга - 75% өлчөмдө;
- 3 - тайпадагы майыптарга - 50% өлчөмдө;
- өтө жакыр үй-бүлөөлөргө, жалгыз бой кары картаңдарга - 50% га чейинки өлчөмдө.
Ушул жеңилдиктерди берүү, жеңилдиктердин Жободо бекитилген өлчөмүнүн чегинде алардын % белгилөө укугу шаардын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер учаскаларына болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясына берилсин.
Кызыл - Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
Р.Абдукаюмов |