Загрузка документа…
«Бекитемин»
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы
____________________А.Джаликов
БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН ЧЕГИНДЕГИ АТАЛЫШТАР ЖӨНҮНДӨ
ЖОБО
1. Балыкчы шаарынын чегиндеги көчөлөргө, аллеяларга, аянттарга аталыштарды берүү, же аталышын өзгөртүү, аларга мамлекетибиздин белгилүү тарыхий. коомдук инсандарынын, шаарыбыздын белгилүү атуулдарынын ысымын ыйгаруу чечими Балыкчы шаардык Кенеши тарабынан кабыл алынат.
2. Жаны аталыштарды берүү, же мурунку аталыштарды өзгөртүү иштерин шаардык Кенештин депутаттарынын сессиясында бекитилген атайын комиссия алып барат.
3. Комиссиянын курамынын жарымы шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэрия тарабынан сунушталат жана сессияда бекитилет.
4. Комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу комиссия жөнүндөгү». Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001 жылдын 7 декабрындагы № 355 Указынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүлөт.
5. Көчөлөрдүн, аллеялардын, аянттардын, жаныча аталыштары жөнүндөгү сунуштарды берүү жергиликтүү кошундар, эмгек жамааттары, коомдук уюмдар жана комчулуктун өкүлдөрү, шаардык Кенештин депутаттары, шаардык мэрине таандык. Аталыштар, же жаңыча аталыштар мамлекеттин жана жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргойт. Ошондой эле географиялык, тарыхий жергиликтүү шарттарды, шаардыктардын пикирин эске алуу менен комиссия изилдеп чыккандан кийин гана комиссиянын сунушун сессия кабыл алганга берилет жана депуттар тарабынан жабык добуш менен бекилет.
1. Аталыштарды, же аталыштарды берүүнүн негизги шарттары болуп: - жаңы көчөлөр, скверлер, аллеялар түптөлгөндө;
- көрүнүктүү инсандардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында алардын ысымын көчөлөргө, парктарга, скверлерге берүү учурунда эски айрым аталыштар учурга туура келбей калган көчөлөрдүн аталыштары өзгөртүлүшү мүмкүн;
- көпчүлүктүн пикирине ылайык тарыхый кырдаалды, шаардын географиялык шартын, улуттук касиетине ылайык, мезгилдин учуруна жараша берилиши мүмкүн.
2. Көчөлөргө, аллеяларга, аянттарга белгилүү мамлекеттик коомдук, маданий ишмерлеринин, шаардын белгилүү атак-даңктуу инсандарынын ысымдарын ыйгаруу, алар дүйнөдөн кайткандан беш (5) жыл өткөндөн кийин сунушталышы мүмкүн. Ата-Мекенин коргоодо, табыгий жана оор кырдаалдарда эрдик көрсөтүп курман болгон атуулдарга жогорудагы чектөөлөр колдонулбайт.
3. Шаардын чегиндеги көчөлөргө белгилүү инсандарынын наамын ыйгаруу төмөндөгүдөй ардак наамдары болгон учурда каралат:
1. Советтер союзунун батыры;
2. Социалисттик Эмгектин батыры;
3. СССРдин элдик жана эмгек сиңирген ишмерлери;
4. Кыргыз Республикасынын орден, медалдары, ардак Грамоталары
5. «Кыргыз Республикасынын батыры»
5. Кыргыз Республикасынын экономикасынын түрдүү шарттарына, маданиятына, билим берүүгө, саламаттыкты сактоо ж.б.у.с. тармактарына эмгек сиңирген деген ардак наамдары болсо жана Балыкчы шаарында ар тармакта иштеп, күжүрмөн, зор эмгеги, эл арасында нарктуу, жүрүм-туруму менен шаардын социалдык-экономикалык абалын, маданиятын жана башка тармактарын өнүктүрүүгө зор салымын кошкондугу үчүн шаардын атайын белгилери, сыйлыктары да коштолот;
6. Шаардын элинин турмушундагы кыйын кезинде элине көрсөткөн зор эмгеги, эрдиги, мамлекет тарабынан бааланып,»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» мыйзамына ылайык мамлекеттик сыйлыктарга ээ болсо;
7. Мекенин, Ата-Журтун коргоодо эрдик менен каза болгон шаардын уул-кыздарынын ысымдары гана алардын жаркын элесин урпактарга эстелик катары калтыруу үчүн берилет.
8. Балыкчы шаарынын элинин турмушунда чоң социалдык-экономикалык, саясий коомдук (өзгөчө актыга байланыштуу мисал: чоң объектилерге спонсорлук кьшуу, жаш муундарды тарбиялоодо кошкон туруктуу, салымдуу эмгеги, шаардын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү ж.б.у.с.) таасирлүү эмгеги үчүн чет элдик инсандардын да ысымдары берилиши мүмкүн.
9. Көчөлөргө, скверлерге, аллеяларга тарыхы белгилүү инсандардын ысымы мурда берилсе, ал башка инсандардын наамына алмаштырылбайт жана шаардын магистралдык көчөлөрүнүн аттары өзгөрүлбөйт. Магистралдык көчөлөр мэрия жана шаардын архитктурасы тарабынан аныкталат.
Ошондой эле белгилүү инсандардын жаркын элесин эстелик катары берилүүчү белги шаар ичинде бир жолу эстеликти түбөлүккө калтыруунун бир форм асы аркылуу берилет (же эстелигин коюу, же көчөгө, скверге наамын берүү ж.б.у.с).
10. Географиялык объектилерге Балыкчы шаарынын уул-кыздарынын ысымдарына байланыштуу аталыштарды бергенде сунушту киргизген эмгек жамааты, коомдук уюмдар, жергиликтүү кошундар, коомчулуктун өкүлдөрү аталышты берүүгө байланыштуу чыгымдарды өздөрү каржылайт.
11. Көчөгө тагылуучу аншлагдарды Балыкчы шаардык муниципалдык «Тазалык» мекемесине жасоо жана илүү жагы каржыланган акчанын эсебинен милдеттендирилсин.
12. Аталыштарды өзгөрткөн көчөлөрдүн ээлери 1 жылдык мөөнөттө, көчөнү жашылдандырбаса тазалыкты сактоо жагын көзөмөлдөбөсө, аншлагдарды убагында жазатып илишпесе, берилген көчөнүн аталышын өзгөртүү жагы коомдук комиссияда каралат.
Балыкчы шаардык Кенешинин жооптуу катчысы |
Г.Айтикеева |