Загрузка документа…
| Кара-Кѳл шаардык кеӊешинин 2009-жылдын 30-декабры № 44/12-5 токтому менен бекитилген |
Кара-Кѳл шаарынын Мыйзамы (Уставы)
1. Жалпы жоболор
1.1.Ѳз алдынча башкаруу коомдоштугунун ( мындан ары жамаатынын) негизги Мыйзамы болгон шаар Мыйзамы тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктайт жана камтыйт:
- ѳз алдынча башкаруунун уюштуруу негиздерин жана максаттарын;
- жамааттын мүчѳлѳрүнүн укуктарын жана милдеттерин, коомдук тартиптин эрежелерин, жалпыга тиешелуу ыймандуулуктун, этиканын, улуттук каада-салттардын асыл адеп нормаларын;
- ѳз алдынча башкаруу органдарын;
- ѳз алдынча башкаруу органдарынын экономикалык жана финансылык негиздерин, муниципалдык менчикке ээлик кылуу, аны пайдалануунун жана башкаруунун тартибин;
- ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонуучу сыйлык чараларын;
- Шаар мыйзамын бузган жамааттын мүчѳлѳрүнѳ жана ѳз алдынча башкаруу органдарынын курамына жаза кѳрүү чараларын;
- шаар мыйзамын кабыл алуунун жана аларга түзѳтүүлѳрдү киргизүүнүн тартибин;
2. Ѳз алдынча башкаруунун уюштуруу негиздери жана максаттары.
2.1.Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу - Конституцияга, "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жѳнүндѳгү" Мыйзамга ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдѳгү жергиликтүү жамааттардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугу жана чыныгы жѳндѳмдүүлүгү.
2.2.Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан шаардын аймагында жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү жана аткаруучу-тескѳѳчү органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздѳн-түз катышуусу менен жүргүзүлѳт.
2.3.Ѳз алдынча башкарууга ѳтүү менен жамаат тѳмѳндѳгү максаттарды коздойт.
- мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаган жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди шартка жараша ѳз алдынча турмушка ашырып турууга;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди кѳз карандысыз, ѳз алдынча жана убагында чечип туруу максатында, шаардын аймагындагы ѳндүрүш каражаттарын, социалдык объектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алуунун, ошондой эле башка мулк ээлеринин ыктыярдуу түрдѳ берген мулк байлыктарын ѳткѳрүп алуунун негизинде ѳзүн-ѳзү башкаруу органынын муниципалдык менчигин жана финансылык -экономикалык базасын түзүүнү;
- шаардык кеӊештин бюджетти ѳз алдынча түзүүгѳ, толуктоого жана аны калктын бүдѳѳсүн аткарууга жумшоого.
3. Жамааттын мучолугу, укуктары жана милдеттери:
3.1.Жамааттын мүчѳлүгүнѳ кабыл алуу ыктыярдуу түрдѳ жүргүзүлѳт.
3.2.16 жаш курагына жеткен, шаардын аймагына туруктуу жашаган, ушул шаар мыйзамын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда кѳрсѳтүлгѳн ѳз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болуп эсептелет.
3.3.Жамааттын ар бир мүчѳсү ушул шаар мыйзамына ылайык тѳмѳндѳгү укуктарга ээ болот.
- жамааттын ѳз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
-жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш - аракеттерге катышууга;
- иш тажрыйбасына, билимине жана жѳндѳмүнѳ жараша ѳз алдынча башкаруу органдарында кызмат ѳтѳѳгѳ;
-жамааттын мүчѳлѳрү үчүн бекитилген жеӊилдиктерден пайдаланууга, жамааттан тиешелүү бардык маселелер боюнча ѳз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгѳ жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча ѳз пикирин айтууга жана баа берго;
- муниципалдык менчиктеги уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген тартип чегинде пайдаланууга;
- шаар курултайларына, шаар жыйындарга, шаардык кенеш менен мэриянын ачык жыйналыштарына катышууга, ѳз оюн эркин айтып,талкууланып жаткан маселе боюнча ѳзүнүн сунуштарын киргизүүгѳ;
- шаар мыйзамында чагылдырылган укуктар ѳз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелуу органдарга кайрылууга;
- шаар мыйзамынын эрежелерин жамааттын башка мүчѳлѳрү бузган учурда, ѳз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
- аксакалдар соту ушул шаар мыйзамында кѳрсѳтүлгѳн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алган учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
- жамааттын мүчѳлүгүнѳн ѳз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана шаар мыйзамында каралган башка укуктардан пайдаланууга.
Жамааттын мүчѳлѳрү тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
- Шаар мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого;
- ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлѳрүн кечиктирбей ѳз убагында тѳлѳѳгѳ;
- шаардын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган бардык коомдук пайдалуу жумуштарга социалдык багыттагы объектилерди, жолдорду, кѳпүрѳлѳрдү ондоого, арыктарды, кѳчѳлѳрдү санитардык тазалоого, кѳрктѳндүрүүгѳ, жашылдандырууга ж.б.максаттарда уюштурулган ашарларга катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча бекитилген шарттарды жана чектерди нормаларды милдеттүү түрдѳ аткарууга;
- ѳз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул шаар мыйзамынын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
- муниципалдык менчикти түзүүгѳ жана ѳнүктүрүүгѳ ѳз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
-ѳз үйүн, короо жайын таза кармоого жана убагында ондоп турууга, кѳрктѳндүрүүгѳ жана жашылдандырууга;
-курчап турган айлана чѳйрѳгѳ камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
-турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак уйлорду, ага жакын аймактарды пайдаланууда ѳрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына кѳмѳктѳшүүгѳ;
Ѳзгѳчѳ милдеттер жана парздар:
-балага кам коруу, аны туура тарбиялоо- ар бир ата-эненин милдети;
-ата-энелерине камкордук кѳрүү эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар бир мүчѳсүнѳ гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-корору жок кары-картандарды, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жана багуу -жалпы жамааттын ыйык парзы;
-улууга урмат, кичүүгѳ ызат, аялдарга сый кѳрсѳтүү, аракечтикке, уурулукка, бангиликке, бузукчулукка, бекерпостукка, жалкоолукка барбоо жамааттын башка мүчѳлѳрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышуу-жамааттын ар бир мүчѳсүнүн милдети;
- Маркумду акыркы сапарга узатууда: маркумду жашырууда, кара ашына мүмкүнчүлүгүнѳ жараша 1 мал союлсун. Маркумга атап, жыртыш таркатууга, кийит жабууга жана кийит кийгизүүгѳ тыюу салынсын;
- тойлордо: уул той, кыз той, келин алуу тойлордо ашыкча чыгым коротпой, ѳз нугунда ѳткѳрүлсүн;
- юбилейлик тойлор 50 жаштан ѳйдѳ ѳткѳрүлсүн;
-Кара-Кол шаарындагы мал баккан малчыларга апрель айында элдин малын алып жайытка чыгып кетүүгѳ жана ноябрь айына чейин жайлоодон келбѳѳсү милдеттендирилсин.
4. Ѳз алдынча башкаруу органдары.
4.1. Жамааттын ѳз алдынча башкаруу органдары:
- жамааттын мүчѳлѳрү тарабынан шайланган ѳкүлдүк органы - шаардык кеӊеш;
- аткаруучу - тескѳѳчү орган - шаардык мэрия;
- Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгы, Кетмен-Тѳбѳ шаарчалык аймактык башкармалыгы;
- аймактык коомдук ѳз алдынча башкаруу органдары (кѳчѳ жана кварталдык комитеттер ж.б);
- аксакалдар кеӊеши жана соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;
4.2. Жамаат түздѳн-түз ѳз алдынча башкарууну тѳмѳндѳгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырат:
- жамааттын мүчѳлѳрүнүн курултайлары;
- шаррдык жыйындар, чогулуштар ж.б.
4.3. Ѳз алдынча башкаруу органдарынын ѳкүлдүк жана аткаруучу-тескѳѳчү органдарын уюштурунун негизги тартиби жана иш аракеттери, ошондой эле курултайларын ѳткѳрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдары жана ушул шаар мыйзамы аркылуу жѳнгѳ салынат.
5. Шаардык кеӊеш
5.1. Шаардык кенеш - жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы, Жергиликтүү ѳзалдынча башкаруу жана жергиликтүү администрация жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Шайлоо Кодексинин, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ Мыйзамдын негизинде тѳрт жылга түзүлѳт.
5.2. Шаардык кеӊеш жашыруун добуш берүү менен жалпы, теӊ жана тике шайлоо укугунун негизинде шайланган 25 депутаттан турат. Депутаттарды шайлоо тартиби Кыргыз Республикасындагы шайлоо жѳнүндѳ Кодекс менен аныкталат.
5.3. Шаардык кеӊеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзам тарабынан алардын компетенциясына кирген ар кандай маселелерди ѳзалдынча чечүүгѳ укуктуу. Шаардык кеӊештин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мйызамдарынада белгиленген тартипте жүзѳгѳ ашырылат.
5.4. Шаардык кеӊеш тѳмѳнкү маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилѳѳ;
- шаардык бюджетти жана анын аткарылышы жѳнүндѳ отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануунун жүрүшү жѳнүндѳ маалыматты угуу;
- шаарды социалдык-экономикалык жактан ѳнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды Жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, о.э. алар боюнча ставкаларды белгилѳѳ;
- муниципалдык менчикти пайдалануу Жана тескѳѳ тартибин белгилѳѳ, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилѳѳ, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзѳгѳ ашыруу;
- мэриянын иши жѳнүндѳ отчетту угуу;
- депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен мэрге ишеним кѳрсѳтпѳѳ;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу;
- шаардын уставын бекитүү;
- тѳраганы Жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеӊештин тѳрагасынын Кыргыз Республиасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
- административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
- ѳз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Ѳкмѳт аныктаган типтуу ченемдердин негизинде мэрдин сунушу боюнча мэриянын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, о.э. турмуш-тиричиликтин кату калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди КР мыйзамдарына ылайык бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына алйык башка маселелерди чечүү.
6. Мэр жана мэрия
6.1.Шаарда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигин мэр жана мэрия аткарат. Мэр- шаардын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы шайлануучу кызмат адамы, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескѳѳчү органынын жетекчиси, шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана ага мамлекет берген ыйгарым укуктардын алкагында аткаруучу бийликтин функцияларын жүзѳгѳ ашыруу үчүн жооптуу адам.
6.2. Мэрия - шаарда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюна мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгѳн аткаруу-тескѳѳчү орган. Шаардын мэриясынын курамына тузумдук жана аймактык башкармалыктар кирет.
6.3. Шаардын мэри:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана ѳкмѳттүн актыларынын, ошондой эле шаардын мыйзамынын, ѳзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардык кеӊештин чемидеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
2) Шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуу боюнча мэриянын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, бул иштин натыйжасы учун жооп берет;
3) Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бѳлумдѳрүнүн ишин координациялайт, алардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет, буга судьялар, прокурорлор, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бѳлүмдѳрүнүн жетекчилеринен башка жогоруда кѳрсѳтүлгѳн аймактык бѳлүмдѳрдүн кызмат адамдары ѳздѳрүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган учурда аларды кызматтан четтетүү жѳнүндѳ маселе коюуга укуктуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын вице-мэрлерин, түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн жетекчилерин, о.э. мэриянын аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана кызматтан бошотот;
5) Жергиликтүү маанидеги маселелерди, о.э. откоруп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну жүзѳгѳ ашырат, буга жергиликтүү кеӊештин ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер кирбейт;
6) Ѳткѳрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ойдогудай аткарууну уюштуруу үчүн туздѳн-түз жооп берет;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, ѳкмѳттүк эмес, коомдук жана башка уюмдарында жана чет ѳлкѳлѳрдѳ шаардын атынан иш алып барат;
8) Кызматка киришкенден үч айдан кечиктирбестен шаардын социалдык-экономикалык ѳнүгүү программмасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана аны бекитүү үчүн шаардык кенешке сунуш кылат;
9) Шаардык кеӊешке шаардык бюджеттин долбоорун сунуш кылат, шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарын пайдалануу, шаардын социалдык-экономикалык ѳнүгүүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жѳнүндѳ шаардык кеӊештин алдында жылына эки жолудан кем эмес отчет берет;
10) Шаардык курултайда калкка ѳз ишинин натыйжасы жѳнүндѳ эки жылда бир жолудан кем эмес маалымат берет;
11) Мыйзамга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеӊешке сунуш киргизет;
12) Шаардык кеӊештин сессиясын чакыруу жѳнүндѳ сунуш киргизет, анын ишине катышат;
13) Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жѳнүндѳ Президентке белгиленген тартипте ѳтүнүч кылат;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзѳгѳ ашырат.
6.4. Шаардын мэриясы:
1. Шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуучу тутумдардын иштѳѳсүн жана ѳнүгүүсүн, шаардыктарга социалдык жана маданий кызматтарды кѳрсѳтүүнү уюштурат;
2. Шаар бюджетинин долбоорун иштеп чыгат шаардык кеӊеште бекитилгенден кийин аны аткарат;
3. Шаардын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жанан шаардык кенеште бекитилигенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
4. Шаардын ѳнүгүшү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5. Тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзѳгѳ ашырат;
6. Шаар жерлерин жана муниципалдык менчик объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана алар шаардык кеӊеште бекитилгенден кийин аларды жүзѳгѳ ашырат;
7. Ишканаларды менчиктештирүүгѳ жана тийиштүү орган менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объекттерди, о.э. алардын иштѳѳсү учун зарыл болгон жабдууларды баланска алууга катышат;
8. Турак-жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны ѳнүктүрүү жана ынгайлаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзѳгѳ ашырат:
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар курулушунун башкы планын иштеп чыгат жана турмушка ашырат, архитектуранын жана шаар курулушунун ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзѳгѳ ашырат;
10. Табигый кырсыктардын, ѳзгѳчѳ кырдаалдардын алдын алуу жана аларды болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук иш-чараларды жүзѳгѳ ашырат;
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзѳгѳ ашырат.
7. Шаардык мэриянын коллегиясы
7.1. Шаардык мэриянын коллегиясы консультативдик-кеӊешме органы болуп эсептелет жана шаарыбыздын жашоо-турмушун камсыз кылуучу маанилуу маселелерди карайт.
7.2. Коллегия ѳз жумушунда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Ѳкмѳттүн Токтомдорун жана буйруктарын, шаардык кеӊештин токтомдорун, мэриянын нормативдик актыларын жана коллегия жѳнүндѳ жобону жетекчиликке алып иштейт.
7.3. Коллегиянын курамы, саны мэрдин буйругу менен бекитилет. Коллегиянын отурумун уюштуруу, материалдарын, токтомдордун долбоорун даярдоо, отурумдун жыйынтыгы менен чечимди даярдоо, анын аткарылышын камсыз кылуу маселелери коллегия жѳнүндѳ жобо менен белгиленет.
8. Шаардык курултай
8.1. Коомдук пикирдин кенири катмарын эсепке алуу жана жашоо-турмуштук маанилуу маселелерди чечүүгѳ калкты катыштырууну уюштуруу максатында шаардык курултай ѳткѳрүлүшү мумкун.
8.2.Курултайга шаардын социалдык-экономикалык ѳнүгүшүнүн, жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, муниципалдык менчикти пайдалануунун жана ѳнүктүрүүнүн маселелери коюулушу мүмкүн. Курултайдын чечими шаардык кеӊеш, мэр тарабынан каралат.
8.3.Курултайдын делегаттарынын ѳкүлчүлүгүнүн саны, аларды ѳткѳрүүнүн жана курултайлардын чечимдерин ишке ашыруунун тартиби атайын шаардык кеӊеш тарабынан бекитилген жобо менен белгиленет.
9. Жазы-Кечүү айылынын, Кетмен-Тѳбѳ поселкасынын аймактык башкармалыктары
9.1.Аймактык башкармалык жергиликтүү маанидеги маселелерди оперативдүү, ѳз алдынча чечүү, тийиштүү ѳз аймагынын чек арасында аткаруу бийлигин жүзѳгѳ ашыруу үчүн иштейт.
9.2.Аймактык башкармалык ѳзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге башкармалыктын жетекчиси кол коет.
9.3. Аймактык башкармалыктын ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдѳ аткарылууга тийиш.
9.4.Аймактык башкармалыктар ѳз ишин "Аймактык башкармалыктар жѳнүндѳ" Жобого ылайык жүргүзѳт.
10. Ѳз алдынча башкаруу органдарынын экономикалык, финансылык негиздери, бюджети, муниципалдык менчиги
10.1.Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун экономикалык жана финансылык негизин, тѳмѳндѳгүлѳр түзѳт:
- мекеме, уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнѳ карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демѳѳрчүлѳр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу мэрияга ѳткѳрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктѳр, социалдык, маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги объектилер;
- ѳткѳрүлүп берилген жерлер, жайыттар, ошондой эле муниципалдык менчиктеги башка объектилеринин ижара акысынан түшкѳн кирешелер;
- жергиликтүү бюджетке түшкѳн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар;
- кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар, гранттар жана инвестициялар;
- ар түрдүү кызмат кѳрсѳтүүлѳрдѳн түшкѳн акылар;
-ѳз калоосу менен берилген ыктыярдуу тѳлѳмдѳр, кошумчалардын эсебинен түзүлгѳн бюджеттен тышкары фонддор;
10.2. Шаардык бюджеттин долбоору мэрия менен биргеликте каржы бѳлүмү тарабынан даярдалат, шаардык кеӊеште бекитилет. Бюджеттин аткарылышы боюнча жылына эки жолу каржы бѳлүмүнүн башчысы тарабынан шаардык кеӊешке отчет берилип турат.
10.3.Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ѳз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат. Ѳз алдынча башкаруу органдарынын атынан муниципалдык менчикти башкаруу менен байланышкан иштерин атайын түзүлгѳн муниципалдык менчик башкармалыгы алып барат. Муниципалдык менчик башкармалыгы ѳз ишин Кыргыз Республиасынын тийиштүү мыйзамдарынын негизинде жана аталган башкармалык жѳнүндѳ бекитилген Жобонун негизинде жүргүзѳт.
11.Ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонуучу сыйлык чаралары.
11.1. Шаар мыйзамынын талаптарын үлгүлүу аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демѳѳрчүлүккѳ такай кѳмѳктѳшкѳн, жамаатташтыкка ѳтѳ пайдалуу ар кандай кызматын кѳрсѳткѳн, ѳзүнүн жана бүтүндѳй үй-бүлѳсүнүн жүрүм-туруму боюнча эн жогорку үлгү кѳрсѳткѳн жамааттын мучолоруно, оз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары тѳмѳндѳгүлѳр колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо, баалуу белек башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- мактоо баракчасын тапшыруу;
- "Ыймандуу үй-бүлѳ", "Үлгүлүү үй, кѳчѳ/квартал/ деген наамдарды ыйгаруу;
- жамааттын Ардак Тактасына жазуу;
- жамааттын Ардак Китебине жазуу;
- "Шаардын ардактуу атуулу" -деген ардак наам ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына кѳрсѳтүү;
11.2. Жамааттын мүчѳлѳрүн сыйлыкка кѳрсѳттүү тѳмѳндѳгү тартипте жүргүзүлѳт;
а) жамааттын мүчѳлѳрүн сыйлыкка кѳрсѳтүү демилгеси шаардын, кварталдын жашоочуларынын жалпы жыйындарына, аксакалдар сотуна, коомдук уюмдарга, шаардын мэриясына , шаардык кеӊештин депутаттарына таандык.
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, "ыймандуу үй-бүлѳ", "Үлгүлүү үй, кѳчѳ /квартал/ деген наамдарды ыйгаруу тууралуу чечим шаар мэриясы тарабынан кабыл алынат;
в) жамааттын Ардак Тактасына жана Ардак китебине жазуу, "Шаардын ардактуу атуулу"- деген ардак наам ыйгаруу жѳнүндѳгү чечим шаар мэриясы жана шаардык кеӊеш менен биргеликте кабыл алынат, ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына кѳрсѳтүү жѳнүндѳгү чечимдер шаар мэриясы тарабынан кабыл алынат.
12. Жамааттын мучолоруно жана оз алдынча башкаруу органдарынын курамына корулуучу жаза чаралары.
12.1. Шаар мыйзамынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчѳлѳрүнѳ тѳмѳндѳгү жаза-чаралар колдонулат:
- ооз эки же жазуу жүзүндѳ эскертүү;
- жашаган жеринде ѳткѳрүлгѳн чогулуштурда жана шаардык жыйындарда коомдук таасир кѳрсѳтүү;
- белгиленген тартипте айып жазаларын колдонуу;
12.2. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн жоопкерчилик чаралары жамааттын мүчѳлѳрүнүн, шаар мэринин, ѳз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча шаардык кенеш, шаар мэри, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
12.3. Шаар мыйзамынын эрежелерин одоно турдо бузган же ѳз милдеттерин аткара албаган ѳз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына тѳмѳндѳгүдѳй жоопкерчилик чаралар колдонулат.
а) шаар мэри тарабынан мэриянын жооптуу кызматкерлерине, тийиштүү жетекчилерге;
- жазуу жүзүндѳ эскертүү;
- кызматка которуу;
- кызматтан алып салуу, жана бул тууралуу жогорку органдарга сунуш берүү;
б) шаардык кеӊештин депутаттарынын үчтѳн экисинин чечими менен:
- шаар мэрине эскертүү берүү;
- -аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчѳлѳрүнѳ ишеним кѳрсѳтпѳѳ;
в) шаардык кеӊештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним кѳрсѳтпѳѳ, чакырып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
13. Жамааттын ѳзгѳчѳ укуктары.
13.1.Ѳтѳ маанилуу болгон айрым социалдык-экономикалык чарбалык жана маданий маселелерди башка ѳз алдынча башкаруу жамааттары менен биргелешип чечүү максатында, мыйзам ченеминде белгиленген тартипте ар кандай денгээлде түзүлгѳн жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоцияларга мүчѳ болуп кирүүгѳ укуктуу.
13.2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары белгиленген тартипте жамааттык чет ѳлкѳлүк жана эл аралык ѳз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгѳ акылуу.
13.3.Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаат ѳзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымдуулук каражаттарын (гезит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндѳр ж.б ) мыйзам чегинде түзүүгѳ жана пайдаланууга укуктуу.
14. Шаар мыйзамын ( Уставды) кабыл алуу жана ѳзгѳртүү тартиби.
14.1. Жамааттын шаар мыйзамынын (Уставынын) долбоорун шаардык кеӊештин чечими менен түзүлгѳн атайын комиссия иштеп чыгат.
Комиссия тарабынан даярдалган шаар мыйзамынын долбоору шаардык курултайда каралып, кабыл алынат, шаардык кеӊештин сессиясында бекитилет. Бекитилген шаар мыйзамы шаар мэриясы тарабынан Юстиция башкармалыгынан атайын каттоодон ѳткѳрүлѳт.
14.2.Шаар мыйзамы гезитте жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет жана ал шаардын аймагындагы жамааттын бардык мүчѳлѳрү жана ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кыйшаюсуз аткарууга жатат.
14.3.Шаар мыйзамынын аткарылышына кѳзѳмѳлдүктү шаардык кеӊештин депутаттары, мэрия, аксакалдар соттору жана жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрүнүн ѳздѳрү жүзѳѳгѳ ашырат.
14.4.Шаардын мыйзамына түзѳтүүлѳрдү, алымча-кошумчаларды киргизүү ушул шаар мыйзамына кабыл алынган тартипте жүргүзүлѳт.