Загрузка документа…
| Москва райондук Кеӊешинин 2011-жылдын 21-ноябрындагы №77 токтому менен бекитилди |
РЕГЛАМЕНТ
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу жана жергиликтүү мамалекеттик администрация "Мыйзамына ылайык райондук Кеӊеш, райондогу мамлекеттик бийлик менен бир катар, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруунун ѳкүлдүк органы болуп эсептелет. Райондук Кеӊештин ѳкүлдүк мѳѳнѳту тѳрт жыл.
2. Райондук Кеӊеш ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ" Мыйзамын, "Жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтүнүн, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин Указдарын, токтомдорун, буйруктарын, андан сырткары азыркы Күн тартибин жетекчиликке алат.
3. Райондук Кеӊештин Күн тартиби райондук кеӊештин уюштурулган иштее тартибин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын түзүлүштѳрүн, сессиялардын ѳткѳрүлүү мѳѳнѳттѳрүн аныктайт.
4. Райондук Кеӊештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана жалпы депутаттардын 1/3 бѳлүгүнѳн кем эмес санынын талабы боюнча ѳткѳрүлѳт.
5. Райондук Кеӊештин токтомдорун райондун аймагында жайгашкан менчиктин формасынан кѳз карандысыз, бардык мекеме - уюмдар, ишканалар аткарууга милдеттүү.
1. Райодук Кеӊеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде коюлган укуктарынын негизинде, маселелерди кароого жана алар боюнча ѳкүлчүлүктүн чегинде чечим кабыл алууга укуктуу.
1. Райондун социалдык-экономикалык ѳнүгүү программаларын жана пландарын, алдын алуулардын, стратегиясын, райондогу айлана-чѳйрѳнү коргоо жана калыбына келтирүү программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ;
1) Райондун бюджетин жана анын аткарылышы боюнча отчетун, андан тышкары атайын фонддордун колдонуу тартибин бекитүү;
2) Керектелбеген жана колдонулбаган жайыттардын маселелери;
3) Жылына бир жолудан кем эмес, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын тиешелүү аймактагы иштердин абалы жѳнүндѳгү маалыматын угуу;
4) Премьер-министр сунуштаган талапкерге жашыруун добуш берүү менен чечим кабыл алат жана Премьер -министрге райондун акиминин кызматына талапкерди сунушташат;
5) Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына ал ѳзүнүн милдеттерин аткарбаса же туура эмес аткарса, райондук Кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 унун добушу менен ишенбѳѳчүлүк билдире алат;
6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде, депутаттардын ѳкүлчүлүгүн мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу;
7) Административдик - аймактык түзүлүштѳр боюнча тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуштоо максатында сунуштарды иштеп чыгуу;
8) Кеӊештин тѳрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеӊештин тѳрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) Райондук Кеӊештин Күн тартибин кабыл алуу;
10) Райондук Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ;
11) Ѳкмѳт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде райондук Кеӊештин аппаратынын штаттык расписаниесин жана түзүлүшүн бекитүү;
12) Мыйзамга ылайык турак жай фондун, кѳпүрѳлѳрдү, жолдорду модернизациялоо жана кармоо, куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, андан тышкары коммуналдык чарбалардын, экономикалык, социалдык чѳйрѳ жана кѳӊүл ачуу чейрѳсүнүн башка объектилерин куруу боюнча сунуштарды киргизүү;
13) Райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди жоюу жана реорганизациялоо, түзүү маселелерин макулдашуу;
14) Райондук мааниде жаштардын спорттук, маданий-тарбиялоочу, окуу-тарбиялык, илимий иш-чараларды ѳткѳрүү жана уюштуруу жѳнүндѳ чечим кабыл алуу;
15) Мыйзамга ылайык башка жергиликтуу ѳзүн ѳзү башкаруу органдары менен аракеттерин бириктирүү чечимдерин кабыл алууга, анын ичинде коомдук - пайдалуу жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүү максатында транс чек аралык кызматташтык маселеси боюнча, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо жана алдыга жылдырууга, жалпы кызыкчылыктарды билдирген иштерди жана иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жана чет элдик чарбалык субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташууга;
16) Райондун символикасын бекитуу;
17) Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бѳлүктѳрүнүн ишмердүүлүгүн кѳзѳмѳлдѳѳ, (сот, прокурорлор, Улуттук коопсуздук органдарынын аймактык мамлекеттик бѳлүктѳрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынан башкалары), андан тышкары аймакта жайгашкан башка мекеме, уюмдарды, жогоруда айтылган органдардын жетекчилерин, эгер алар ѳз милдеттерин аткарбаса, кызматынан четтетүү маселесин сунуштоого;
18) Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларында каралган башка маселелерди кароого;
1. Райондук Кеӊештин туруктуу комиссиясы кеӊешти алып барууга тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн түзүлѳт, кеӊештин чечимдерин ишке ашырууга, аймакта жайгашкан мекеме, уюмдардын ал чечимдерди аткарышын кѳзѳмѳлдѳйт. Кеӊеш менен убактылуу комиссиялар да түзүлѳт.
2. Комиссиянын тизмесин, анын сандык курамын жана шайлоо тартибин райондук кеӊеш аныктайт. Кеӊештин ѳкүлчүлүк мѳѳнѳтүнүн ичинде, керек болгон учурда, жаны туруктуу комиссиясын түзѳ алат, мурда түзүлгѳндѳрүн жоюп, анын курамына ѳзгѳртүү киргизе алат.
3. Туруктуу комиссия райондук кеӊештин депутаттарынын ичинен түзүлѳт. Жергиликүүу кеӊештин туруктуу комиссиясынын курамына кеӊештин тѳрагасы жана орун басары шайлана албайт.
4. Туруктуу комиссия тѳраганы шайлайт. Комиссиялар ѳзүнүн ишмердигинин негизги багыттары боюнча комиссия алдындагы комиссияларды түзѳ алат.
5. Туруктуу комиссиянын жана кеӊештин тѳрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеӊеш туруктуу комиссиянын курамына ѳзгѳртүү киргизет.
6. Комиссиянын мүчѳсүнүн ѳкүлчүлүгү анын ѳтүнүчү боюнча мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулат, андан тышкары алардын ѳз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган абалда токтотулат.
7. Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиясынын ишмердиги жана уюштуруу тартиби, милдеттери, укуктары азыркы Мыйзам, жергиликтүү кеӊештин күн тартиби жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актылары менен аныкталат.
8. Жергиликтуу кеӊештин туруктуу комиссиясы ѳз ишине окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартат.
9. Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиясы алардын компетенциясындагы маселе боюнча тиешелүү чечим кабыл алат.
10. Жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиясы ведомстволук аймакта жайгашкан мекеме, уюмдардын оперативдуу-чарбалык ишмердигине киришүүгѳ укуксуз.
1. Райондук кеӊештин туруктуу комиссиясы:
1) кеӊештин кароосуна коюлган, тиешелүү аймактын улуттук - маданияттык жана социалдык, экономикалык ѳнүгүүсүнѳ байланыштуу маселелерди даярдоого катышат.
2).. тиешелүү аймакта социалдык - маданияттык жана ѳндүрүштүк инфраструктураны ѳнүктүрүү боюнча кеӊешке сунуш киргизүү, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдѳѳ;
3) ѳзүнүн аймагынын экономикалык ѳнүгүүсүнүн планынын долбоорун алдын ала карайт, бюджет боюнча ѳзүнүн эскертүүлѳрүн даярдайт, керек болгон учурда аларды кеӊешке берет;
4) жергиликтүү кеӊеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳйт жана уставдын талаптарын аткарууну сактайт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана райондук кеӊештин күн тартибинде каралган башка укуктарды ишке ашырат;
6) Райондук кеӊештин туруктуу комиссиясы, аны алып барууга тиешелүү болгон маселелер боюнча тиешелүү аймакта жайгашкан мекеме, уюмдар, ишканалар жана жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын органдарынын адистерин жана жетекчилерин угууга укуктуу.
1. Кеӊеш атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу ( атайын ) комиссияларды түзѳт.
2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, укуктарынын кѳлѳму жана мѳѳнѳтү ал ар түзүлгѳндѳ аныкталат.
3. Убактылуу комиссиялардын ишмердиги аларга коюлган тапшырмалар аткарылганда токтотулат.
1. Райондук кеӊештин туруктуу комиссиясынын отуруму комиссиянын иштее планына ылайык чакырылат.
2. Туруктуу комиссиясынын отурумунда райондук кеӊештин депутаты кеӊешүү добушу менен, бул комиссиянын мүчѳсү болбосо да катыша алат.
3. Бир нече туруктуу комиссия алып барган маселелер, комиссиянын демилгеси боюнча, андан тышкары райондук кеӊештин тапшыруусу боюнча, комиссиялар менен биргелешип каралат.
1. Туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам берүүгѳ жана ишмердигин камсыз кылууну уюштуруу үчүн, керектүү материалдарды даярдоого райондук кеӊеш ѳзүнүн аппаратын ѳкмет тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде түзѳ алат.
2. Ишмердикти райондук денгээлде материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жүктѳлѳт.
1. Райондук кеӊештин аны алып барууга тиешелүү маселелер боюнча чечими, шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер мыйзам тарабынан башка тартип каралбаган учурда. Райондук кеӊештин чечими токтом түрүндѳ берилет жана кеӊештин тѳрагасы кол коет.
2. Райондук кеӊештин чечимдери, алар кабыл алган укуктарынын чегинде, тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, андан тышкары мекемелер, уюмдар жана ишканалар, менчиктин түрүнѳ карабастан, мыйзам чегинде коюлган укуктук чегинде аткарылышы керек.
3. Райондук кеӊештин нормативдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде коюлган тартипте күчүнѳ кирет.
4. Райондук Кеӊештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде коюлган тартипте күчүн жоготот.
1. Райондук кеӊештин тѳрагасы тиешелүү кеӊештин сессиясында кѳпчүлүк фракциясынын депутаттарынын ичинен же кѳпчүлүк фракциясынын коалициясынан жашыруун добуш берүү менен жергиликтүү кеӊештин ѳкүлчүлүгүнүн мѳѳнѳтүнѳ шайланат.
2. Тиешелүү жергиликтүү кеӊештин тѳрагасынын кызматына шайлоо жана талапкерлерди кѳрсѳтүү тартиби жана башка шайлоонун процедуралык маселелери тиешелүү жергиликтүү кеӊештин кун тартиби менен аныкталат.
3. Райондук кеӊештин тѳрагасы ѳзүнүн милдеттерин аткарбаса же тийиштүү түрдѳ аткара албаса, ээлеген кызматынан мѳѳнѳтүнѳн мурда, жалпы шайланган депутаттардын кѳпчүлүк добушу менен райондук кеӊештин депутаттарынын 1/3 нун демилгеси менен бошотулат.
4. Райондук кеӊештин тѳрагасы башка айлык тѳлѳнгѳн кызматта иштебеши керек.
5. Райондук кеӊештин тѳрагасы:
1) Жергиликтүү кеӊештин сессиясын чакырат;
2) Сессияда тѳрагалык кылат;
3) Райондук кеӊештин чечимдерине кол коет;
4) Райондук кеӊеш койгон башка милдеттерди аткарат.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук кеӊештин тѳрагасы мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын берүүгѳ ходатайство бере алат.
1. Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.
2. Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басары кеӊештин тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болуп калса же анын ѳз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анын милдетин аткарат.
3. Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басары ээлеген ордунан, райондук кеӊештин депутаттарынын 1/3 нун демилгеси менен шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүгүнүн добушу менен бошотулат.
4. Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басары ѳзүнүн ишмердигин коомдук башталышта алып барат, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеӊештеринин тѳрагасынын орун басарларын албаганда .
1. Райондук кеӊештин иштеши кеӊештин жаны курамынын түзүлүшү менен, кеӊешти таратуу менен токтотулат.
1. Райондук кеӊеш мѳѳнѳтүнѳн мурда таратылат:
1) тиешелүү райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын 1/3 нун кѳпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган чечими боюнча;
2) азыркы Мыйзамда каралган негиздер боюнча Президент таратат;
3) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чек араларын ѳзгѳрткѳн реорганизация болгон учурда;
1. Райондук кеӊештин ѳзүн ѳзү таратуу жѳнүндѳгү чечими Президентке указ чыгаруу үчүн жѳнѳтүлѳт.
2. Административдик-аймактык бирдикти кайра атоо, анын чек арасы ѳзгѳрбѳсѳ, реорганизация болуп эсептелбейт жана райондук кеӊеш таратылбайт. Реорганизацияга байланыштуу райондук кеӊешти таратуу жѳнүндѳ Президенттин Указы тиешелүү административдик - аймактык бирдик жѳнүндѳ мыйзам күчүнѳ киргенден баштап 10 күндѳн кеч эмес убакта чыгарылышы керек, эгер мыйзамдын ѳзүнде башка мѳѳнѳт коюлбаса.
1. Жогоруда аталган райондук кеӊештин мѳѳнѳтүнѳн мурда таратылышынын кайсы учуру болбосун, расмий түрдѳ таратуу жѳнүндѳ Президенттин Указы жарыкка чыккан күндѳн баштап эсептелет.
2. Райондук кеӊеш мѳѳнѳтүнѳн мурда тарап кетсе, мүлктүн жана документтердин сакталышына райондун мамлекеттик администрациясынын тиешелүү башчысы жооп берет.
1. Райондук кеӊеш ѳзүнүн функциясын аткарууну, азыркы Мыйзам менен коюлган, мѳѳнѳтүндѳ ѳткѳрүлгѳн биринчи сессиядан баштап аткара баштайт, ишмердигин райондук кеӊештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясы ѳткѳн күнү токтотот.
1. Райондук кеӊештин мамлекеттик бийликтин органдары менен ѳз ара мамилелери функцияларды чектѳѳ, кеӊештерге жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары койгон аларга тиешелүү болгон милдеттерди берүү принциптерин негизинде түзүлѳт.
2. Мамлекеттик бийликтин органдары райондук кеӊештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгѳ киришүүгѳ укуксуз.
3. Райондук кеӊеш мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгѳ киришүүгѳ укуксуз.
4 .Аймактын кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди Караганда сессияга катышууга, туруктуу комиссиянын отурумуна тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ѳкүлдѳрүн чакыра алат.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация аймактын ѳнүгүүсү боюнча маанилуу маселелер боюнча, ѳзүнүн чечимдерин райондук кеӊеш менен дайыма жазуу түрүндѳ макулдашып жана консультация ѳткѳрүп турат.
1. Райондук кеӊештин негизги уюштуруу-укуктуу иштѳѳ формасы болуп алардын сессиясы эсептелет. Сессияны ѳткѳрүү тартиби жана убактысы райондук кеӊештин күн тартиби менен аныкталат.
2. Райондук кеӊештин отуруму жалпы депутаттардын санынын жарымынан кем эмес катышуусу менен ѳтүүгѳ укуктуу. Райондук кеӊеш райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүгүнүн добушу менен чечим кабыл алат, эгер мыйзамда башкасы каралбаса.
3. Кайра шайланган кеӊештин биринчи сессиясы мурунку чакырылыштагы кеӊештин тѳрагасы аркылуу, райондук кеӊештин депутаттары шайлангандан кийин эки жумадан кеч эмес убакта чакырылат. Райондук кеӊештин биринчи сессиясын тиешелүү райондук кеӊештин жашы боюнча улуу депутат ачат.
4. Райондук кеӊештин сессиясы ачык ѳткѳрүлѳт, кварталына бир жолу жана райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын 1/3 нун талабы боюнча.
1. Райондук кеӊештин сессиясы коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран райондук кеӊеш тарабынан бекитилген күн тартибине ылайык сессияга катышууга укугу бар.
2. Райондук кеӊеш жабык сессия еткеруу чечимин кабыл ала алат, эгер карала турган маселе мыйзамга тиешелүү мамлекеттик жашыруун сыр болсо.
3. Райондук кеӊеш жарандарга сессиянын күн тартибин жана датасын алдын ала билдирүүгѳ, алардын сессияга катышуусуна шарт түзүүгѳ, андан тышкары жергиликтүү коомчулукка кабыл алынган чечимдерин жеткирүүгѳ милдеттү.
1. Депутаттарды алар ѳз милдеттерин аткарууда, тиешелүү маалымат менен камсыз кылат;
2. Райондук Кеӊештин ишинин перспективалык планынын аткарылышын камсыз кылат.
3. Райондук Кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт.
4. Райондук кеӊешке келип түшкѳн иш-кагаздарын аткарылышын эсепке алат жана кѳзѳмѳл жүргүзѳт.
5. Райондук Кеӊештин сессиясынын материалын даярдайт жана алардын райондук Кеӊештин депутаттарына жеткирилишин кѳзѳмѳлдѳйт.
6. Сессиянын ишине катышууга депутаттардын, мекеме, уюмдардын жетекчилерин, ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын коомдук ѳкүлдѳрүн жана башка адамдардын катышуусун уюштурат.
7. Райондук Кеӊештин аппаратынын ишмердигин координациялайт, уюштурат жана кѳзѳмѳлдейт.
1. Сессиянын күн тартибин жана иштѳѳ тартибин сессиянын тѳрагасы, туруктуу комиссиянын сунуштары боюнча депутаттар сунуштайт жана талкууланат, депутаттар бекитет. Райондук Кеӊештин сессиясынын учурдагы күн тартиби сессиянын күн тартибиндеги кезектеги маселелерди жана аларды кароо тартибин камтыйт.
2. Райондук Кеӊештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин райондук кеӊештин жооптуу катчысы райондук Кеӊештин аппараты менен биргелешип даярдаган долбоору, депутаттарга таратылат.
3. Райондук Кеӊештин иш планы бир жылга түзүлѳт. Райондук Кеӊештин иш планынын долбоорун даярдоону райондук Кеӊештин аппараты ишке ашырат.
4. Райондук Кеӊештин иш планына маселе киргизүүгѳ райондук Кеӊештин депутаттары, райондук Кеӊештин туруктуу комиссиялары укуктуу. Райондук Кеӊештин бекитилген иш планына маселелердин аталышын ѳзгѳртүү, жаны маселени киргизүү же алып салуу депутаттардын добуш берүүсү менен чечилет жана райондук Кеӊештин сессиясынын токтому менен жабдылат.
1. Азыркы Күн тартип менен коюлган тартипте, райондук Кеӊештин кароосуна киргизиле турган документтердин пакети киргизиши керек:
- маселени даярдоого жооптуу адамдын колу коюлган, коштолгон кат, доклад жасай турган адамды кѳрсѳтүү менен.
Эгер документ мурда райондук Кеӊеш кабыл алган токтом менен аткарылууга даярдалса, анда коштолгон катта тиешелүү шилтеме жасалат;
- Райондук Кеӊештин токтомунун долбоору.
Эгерде райондук Кеӊештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстарды кириштѳѳ же чыгыштоону караса, иштеп чыгуучулар тиешелүү эсеп-кысаптарды (экономикалык негиздее) кошо бериши керек.
2. Токтомдун долбоорун кароодо райондук Кеӊештин депутаттарынын, жергиликтү мамлекеттик администрациясынын ѳкүлдѳрүнүн, талкууга чакырылган башка адамдардын сунуштары жана эскертүүлѳрү угулат.
3. Райондук Кеӊештин токтомунун долбоорун талкуулоо жыйынтыгы боюнча тѳмѳнкү чечимдерин бири кабыл алынат
а) токтомду толук бойдон кабыл алуу;
б) кайра иштеп чыгууга жѳнѳтүү ;
в) күн тартибинен чыгарып салуу.
4. Токтомдо анын ишке ашыруу тартиби коюлат,атап айтканда:
1) мѳѳнѳттѳрү конкреттештирүү, пунктарды аткаруу жана аракетке келтирүү ыкмасы жана токтомду аткаруу толук бойдон аныкталат ;
2) органдарга жана кызмат адамдарына мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү милдеттер берилет, укуктук нормативдик актыларды жакшыртуу үчүн убактысы аныкталат, аларды кабыл алынган токтом менен ылайыкташтырылат.
5. Райондук Кеӊештин ар бир токтомунда анын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳгѳн адам кѳрсѳтүлѳт. Кѳзѳмѳлдѳѳнүн максаты болуп документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деӊгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди аныктоо, аткарууга тоскоол болгон органдарды, адамдарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, андан тышкары керек болгон учурда документтин жоболорун аткарууну сот тартибинде камсыз кылуу.
Токтомдун же чечимдин белгиленген пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же райондук Кеӊештин структуралык калыпка келтирүү жана эрежеге ылайык, аткаруу мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлѳт.
6. Кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча отчет берүү мѳѳнѳтү же токтомдун ѳзүндѳ, же райондук Кеӊештин тѳрагасы аркылуу коюлат.
7. Райондук Кеӊештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка, андан тышкары массалык маалымат каражаттарына сессиянын ѳтѳ турган күнүн, убактысын жана күн тартибин, сессиянын ѳтѳ турган ордун ѳткѳрүлѳ турган күнгѳ 5 калганда кечиктирбей билдирет. Райондук Кеӊештин депутаттарына токтомдордун долбоору сессияга 3 күн калганча жеткирилиши керек. Райондук Кеӊештин сессиясын сессияда тѳрагалык кылуучу алып барат. Тѳрагалык кылуучу болуп райондук Кеӊештин тѳрагасы эсептелет. Эгер ал жок болуп калса, анын орун басары же тѳрага, же орун басары ѳзү тапшырган башка депутат тѳрагалык кылат.
8. Райондук Кеӊештин кезексиз сессиясынын чакырылышы Кеӊештин тѳрагасынын, туруктуу комиссиянын тѳрагасынын же депутаттардын жалпы санынын 1/3 нун демилгеси боюнча жүргүзүлѳт.
9. Депутаттардын кезексиз сессиясын чакыруу сунушу Кеӊештин тѳрагасына карала турган маселелерди кѳрсѳтүү менен жана кезексиз сессияны ѳткѳрүүнүн зарылчылыгын негиздѳѳ менен берилет.
10. Сессияга материалдарды даярдоо жооптуу райондук Кеӊештин иш планына ылайык жооптуу адамдар аркылуу даярдалат. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери менен даярдалат.
11. Киргизиле турган маселелер боюнча материалдар (токтомдордун долбоорлору, маалыматтар, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) демилгечилер аркылуу жазуу түрүндѳ райондук Кеӊештин жооптуу катчысына сессия ѳтѳ турган күнгѳ 7 күн калганча берилиши керек.
12. Райондук Кеӊеш тиешелүү аймактагы иштердин абалы тууралуу мамлекеттик администрация башчысы -Акимдин маалыматтын жылына бир жолудан кем эмес угушу керек . Мамлекеттик администрациясынын башчысы -Акимдин маалыматынын тексти райондук Кеӊешке, райондук Кеӊештин отурумунда аны карай турганга 10 кун калганча берилиши керек.
13. Райондук бюджет жана анын аткарылышы тууралуу отчет, мамлекеттик администрация башчысы киргизген аймактын социалдык-экономикалык ѳнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары райондук Кеӊештин кароосуна коюлат жана ал үчүн райондук Кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кѳбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
1. Депутаттардын кѳрсѳтүлгѳн укуктарын ишке ашыруу тартиби "Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ", "Жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳ" Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү Кеӊештердин жана алардын органдарынын ишмердигин жѳнгѳ салуучу башка мыйзамдык актылары менен, андан тышкары райондук Кеӊештин тиешелүү күн тартиби менен аныкталат.
1. Райондук Кеӊештин сессиясында жашыруун добуш берүүнү ѳткѳрүү жана уюштуруу үчүн 3-5 депутат эсебинде эсептѳѳ комиссиясы түзүлѳт.
2. Эсептѳѳ комиссиясы ѳзүнүн отурумунда милдеттерди бѳлүштүрѳт (тѳраганы, катчыны жана мүчѳлѳрүн бекитет ) бюллетендерди, ящиктерди жана жабык добуш берүү үчүн кабиналарды даярдайт.
3. Добуштарды камсыз кылуу үчүн, эсептѳѳ комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт, эсептѳѳ комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарын сактоону камсыз кылат жана райондук Кеӊештин аппаратына ѳткѳрүп берет.
4. Райондук Кеӊештин тѳрагалык кызматына талапкерди, андан тышкары райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына талапкерелер жашыруун добуш берүү бюллетенине алфавиттик иретте киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептѳѳ комиссиясы аркылуу добуш берүү бюллетендерин саноонун жыйынтыгы боюнча ѳткѳрүлѳт.
5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорттук маалыматтардын же башка инсандык күбѳлѳндүрүүчү документтердин негизинде жазылат. Бюллетенге башка башка маалымат жазууга болбойт.
6. Ар бир талапкер боюнча бюллетендеги "макул", "Каршы", "Бузулган бюллетень" боюнча эсептѳѳ комиссиясы жыйынтык чыгарат, протоколду толтурат жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна киргизет.
7. Райондук Кеӊештин тѳрагалык кызматына же мамлекеттик администрация башчылыгына талапкер депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алса, райондук Кеӊештин тѳрагасы же мамлекеттик администрация башчысы болуп шайланды деп эсептелинет.
8. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - Акимдин постуна талапкер сунушталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Премьер - Министри кийинки күнү райондук Кеӊештин кезексиз сессиясын, эсептѳѳ комиссиясын түзүү жана шайлоо күнүн дайындоо үчүн чакырат.
9. 3-күндүк иш-күнүнүн аралыгына жетпей, 15-күндүк мѳѳнѳттүн ичинде, райондук мамлекеттик администрация башчысын шайлоо боюнча сессия ѳткѳрүлсүн.
10. Депутат жѳндүү себептер менен мамлекеттик администрация башчысын шайлоо боюнча сессияга катыша албаса, сессиянын башталышына 72 сааттан 24 саат калганга чейин, эсептѳѳ комиссиясынын эки мүчѳсүнүн катышуусунда мѳѳнѳтүнѳн мурда добуш берүүгѳ мүмкүндүк берилет. Жашыруун добуш берүү бюллетени чапталган конвертте жоопкерчиликтүү сактоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасына берилет. Конверт добуш берилген куну добуштарды саноодо ачылат.
11. Тѳраганын орун басарынын кызматына талапкер ачык добуш берүүгѳ коюлат. Добуш берүүнү ѳткѳрүү жана жыйынтыгын саноону эсептѳѳ комиссиясы алып барат.
12. Сессияда катышып отурган депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган талапкер, райондук Кеӊештин тѳрагасынын орун басарлык кызматына шайланат.
1. Кеӊештин Күн тартиби Болжолдуу Күн тартибинин негизинде Күн тартибинин маселелери боюнча жумушчу топ аркылуу иштелип чыгат жана Кеӊештин сессиясында Кеӊештин бекитүүсүнѳ киргизилет.
2. Күн тартибинин маселеси боюнча топ Кеӊештен шайланган, 5 тен кем эмес депутаттан турат.
3. Ар бир депутат Күн тартибине толуктоо жана ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу сунуш киргизе алат. Сунуштар Күн тартибинин маселелери боюнча жумушчу топтун кароосуна жиберилет.
4. Күн тартибинин маселелери боюнча жумушчу топ түзѳтүүлѳрдү кабыл алат же четке кагат. Кабыл алынган түзѳтүүлѳр Кеӊешке бекитүүге киргизилет. Четке кагылган түзѳтүүлѳрдүн автору аны Кеӊеште кароого суранууга укуктуу.
5. Күн тартиби жана Күн тартибине түзѳтүүлѳр Кеӊешке шайланган депутаттардын санынын кѳпчүлүгү менен кабыл алынат.
Райондук Кеӊеш депутаттар аркылуу шайлоочулар менен туруктуу байланышта болуп турат, райондун бюджетин түзүүдѳ жана социалдык, экономикалык, маданий программаларды ишке ашырууда жана иштеп чыгууда алардын кызыкчылыгын жана суроолорун эсепке алат.
2. Кеӊеш тарабынан коюлган тартипке ылайык дайыма шайлоочуларды кабыл алуу жана райондук Кеӊештин тѳрагасы, жооптуу катчы жана Кеӊештин депутаттары менен жолугушуулар ѳткѳрүлүп турат.
Райондук Кеӊештин жооптуу катчысы |
Г.Момоткожоева |