Редакцияот 31.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык округунун айылдык кеңешинин эл депутаттарынын кезектеги  XXII  сессиянын XV чакырылышы

 

2012-жылдын 31-январы №21

Үч-Коргон айылдык округдук  кеңешин кайрадан атоо, Регламентин кабыл алуу жана мамлекеттик  кайра каттоодон өткөрүүнү бекитүү жөнүндө

Үч-Коргон айыл кеңешинин уюштуруу доументтерин КР мыйамдарына ылайык келтирүү максатында жана  2011-жылдын 16-июлундагы КР “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 21,31 жана 65-беренесинин негизинде Үч-Коргон айылдык округдук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айыл округдук кеңеши Үч-Коргон айылдык аймактык кеңеши болуп кайрадан аталсын жана  регламенти жаны редакцияда кабыл алынсын. Үч-Коргон айылдык аймактык кеңешинин толук аталышы.

-мамлекеттик тилде: Талас облусунун Манас районунун “Уч-Коргон айылдык аймактык кеңеши”

-расмий тилде: “Уч-Коргонский айыльный аймакский кеңеш” Манасского района Таласской областы

2. Уч-Коргон айыл аймактык кеңеши тийиштүү мамлекеттик органдардан кайра мамлекеттик каттодон өткөрүлсүн

3. Токтомдун аткарылышын Уч-Коргон айылдык аймактык кеңешинин төрагасы С.Ж. Орозалиевке жүктөлсүн.

Кеңештин чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра катоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарга белгиленген учурларда, кеңешти катоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Үч-Коргон  айылдык аймактык 

кеңешинин  төрагасы

 

Орозалиев С.Ж.