Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы №124
Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Е.Кузебаевтин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2011-жыл ичинде райондун аймагында аткарган иштеринин абалы жөнүндөгү Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Е. Кузебаевтин маалыматын угуп, талкуулап Манас райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Е. Кузебаевтин маалыматы эске алынсын. (тиркелет).
2. Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Е. Кузебаев райондук Кеңештин кезектеги 19-сессиясында 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча депутаттарга берген маалыматы райондук “Манас жарчысы” гезитине жарыялоого берилсин.
3. Манас райондук кеңешинин кезектеги 19-сессиясындагы депутаттардын сунушуна ылайык райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Е. Кузебаев атайын иш чара түзүп райондун жашоочулары менен айылдык жыйындарды өткөрүлүүсү,2011-жылдагы район аймагында аткарылган иштеринин жана айыл округ башчыларынын 2012-жылы аткарыла турган иштери жөнүндө маалымат берүүсү сунушталсын.
4. Райондук кеңештин депутаттарына өз шайлоочулары менен айылдык жыйындарда жолугушуу өткөрүшүп, 2011- жылдагы аткарылган иштери тууралуу маалымат берүүлөрү сунушталсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы райондук кеңештин жооптуу катчысы А.Джаманкараевке жүктөлсүн.
Манас райондук кеңешинин төрагасы |
Ниязалиев М.К |