Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы № 125
Манас районунун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык абалынын аткарылышы жана 2012-жылга карата план-тапшырмасы жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик администрация тарабынан даярдалган 2011-жылы райондук социалдык-экономикалык абалынын аткарылышын жана 2012-жылга карата план тапшырмасын угуп, талкуулап Манас райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү болжолунун негизинде көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жактырылсын. (тиркелет)
2. Райондун 2012-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү план тапшырмасы төмөнкү көлөмдө белгиленсин. (тиркелет)
3. Райондун 2012-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын болжолунун көлөмдөрүн аткаруу жагы айыл округтардын айылдык кеңештерине, айыл өкмөттөрүнө, тиешелүү мекемелерге, ишканаларга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү секторлоруна, райондук агрардык өнүгүү башкармалыгына жана статистика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Манас райондук кеңешинин төрагасы |
Ниязалиев М.К. |