Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №221/35-5
Талас шаарынын Тагайбаев көчөсүнүн №33 үйүнө Акматбек Нуржановдун мемориалдык тактасын ачуу жөнүндө
Социалисттик Эмгектин Баатыры Нуржанов Акматбек Нуржановичтин балдарынын 2012-жылдын 6-апрелиндеги кайрылуусунун негизинде жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Көчөлөрдүн жана башка социалдык-маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2012-жылдын 18-апрелиндеги чечимине ылайык депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалисттик Эмгектин Баатыры Нуржанов Акматбек Нуржановичтин
90 жылдыгына карата Талас шаарынын Тагайбаев көчөсүнүн №33 үйүнө
Мемориалдык тактасын ачууга уруксат берилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаңы Багыт” гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Көчөлөрдүн жана башка социалдык-маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Осмонкулов Д.Б.)жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |