Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №217/35-5
Талас шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө
Талас шаарынын 2012-жыл 5-апрелиндеги VII-элдик курултайында кабыл алынган Талас шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын жаңы редакциясын карап чыгып депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын жаңы редакциясы бекитилсин.
2. Талас шаардык кеңешинин 2007-жылдын 11-майындагы №200/22-4 сандуу “Талас шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаңы Багыт” гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жоопту катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |